Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Буга чейин кабарлангандай Борбор Азиянын буудай өндүрүүдөгү лидери Казакстан буудайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/EB53A23C-DF8C-4554-9BD2-2B24147DC71D.ASP экспортко чыгарууга убактылуу тыюу салды. Казак өкмөтү буудайды сатыкка чыгаруудагы тыюу сентябрь айынан чейин сакталаарын билдирүүдө. Кыргызстан өзүндөгү жетпеген буудай кенемтесин Казакстандан алып толтуруп турганы белгилүү. Буга байланыштуу “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Чыныбай мырза, Казакстан буудайды экспортко чыгарбай койсо, Кыргызстан дан кенемтесин кантип толтурат? Алгач ушуга токтолсоңуз.

-Мунун эки жолу бар. Жаңы түшүмгө чейин алдыда 2-3 ай убакыт болгон үчүн биринчи кезекте унду чыгаруу тууралуу тыюу жөнүндө айтылган жок. Ошон үчүн ун келе берет окшойт, аткезчилик жолу менен дагы, расмий жол менен дагы. Ал эми буудай эгерде келсе, контрабандалык жол менен гана келет, башка жол жок.

-Кыргыз өкмөтү буудай кенемтесин толтурууда дан менен иштеген ишкерлерге, сиздерге ишенич артып атат. Сиздердин алдын ала келишим түзүү жагындагы абал кандай болуп жатат? Ушул сентябрга чейин барбы келишимдер?

-Ар бир ун ишканасынын өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша айрымдарынын менимче кампаларында азбы-көппү, 2000-3000, балким он миң тонна буудайлары бар болуш керек деп ойлойм. Маселен, ал буудай деле ашып кетсе 1-1 жарым айлык мөөнөткө жетет. Ал эми андан аркы убакытта аткезчилик жолу менен келиши мүмкүн.

Мына Казакстанда буудайдын экспортуна тыюу салынды, 10 күндүн ичинде мурдатан түзулгөн келишимдерди аягына чыгаруу боюнча уруксат берилгенин айтышууда казактын буудай экспорттоочулары. Андан кийин буудайга таптакыр тыюу салынат, алар анын ордуна анда буудайларыбызды унга айландыруунун түрүндө сунуш кылсак сатасыңарбы деген сөздөрдү айтып жатышат. Менимче ушундай нерсеге айланат болуш керек мындан кийинки иш-аракеттер. Бирок мунун бир жаман жери – биз мурдатан эле какшап келе жатканбыз, Кыргызстандын өндүрүшүнө балта чабуунун бир өзөгү болуп берет.

-Анын үстүнө ун биз мурда сиздерден алып жүргөн баада Казакстандан келиши да мүмкүн эмес болуш керек?

-Бул жагы боюнча мындай: бизде Казакстандан албетте баалар дагы талапка жараша болот. Канчалык талап көп болсо, ошончолук кымбатыраак келе берет. Экинчиден, бизде Кыргызстанда расмий түрдө тыюу салбаганы менен, расмий эмес түрдө биздин ундар Өзбекстанга кетчү. Негизинен ундар Тажикстанга кетчү. Анын баарын атайын жашыруу көрсөтмө менен чыгарууга тыюу салып койгонуна эки айдан ашты. Ошон үчүн эки айдан бери Кыргызстандагы ундун запастары Кыргызстан ичинде эле сатылып жатат.

Бул болсо кандайдыр бир деңгээлде дале болсо, биздин өзүбүздүн ун өндүрүүчүлөрдүн ишине балта чабуунун башталышы катары бааланып жатат. Анткени же унуңду ички базарда казактын атаандаштыгына байланыштуу жакшылап сата албасаң, же сырткы рынокко чыгара албасаң, демек акырындап отуруп бул ишканалардын жабылышына алып келет жана көптөгөн жумушчулардын иштен айдалышына алып келет, бул турган иш.

-Чыныбай мырза, болжол менен баа канчага көтөрүлүшү мүмкүн ушул июль-август айларында?

-Мен өткөн жумада эле Астанага барып келдим, Казакстандын өзүндө баалар бүгүнкү күндө чоң фирмалардын баалары биздин акчага айландырганда 24-26 сомго чейин жетип атат. Бул өткөн жылы февралда дагы биздикине караганда эки сомго кымбат болчу, быйыл төрт сомго кымбат болуп жаткан экен. Демек бул көрүнүш бизге эң көп дегенде 1 айдын ичинде жетиш керек. Эгерде ундун запастары азайса. Алардан көп болсо болот, бирок аз болбойт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG