Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

КАМАЗ АЙДООЧУЛАР КАПАДАР


Ош-Эркештам автожолунда жүк ташыган кыргызстандын КАМАЗ автомашиналарынын айдоочулары 16-апрель күнү топтолушуп, өз талаптарын жарыя кылышты. Алар Кытайдын жүк машинелеринин Эркештам-Ош жолунда каттоосуна тыюу салууну тиешелүү бийликтерден суранып жатышат. Бийлик өкүлдөрү болсо маселе мыйзам чегинде гана чечилерин белгилешүүдө.

Кыргызстандык КАМАЗ айдоочулар Карасуу районунун “Каратай” кыштагы тарапта топтолуп турушат. Эмне үчүн Кытайдын жүк машинелеринин Кытайдан келген жүктөрдү Эркештам-Ош жолунда ташуусуна тыюу салуу керектигин КАМАЗ айдоочулардын өкүлү, “Айдоочу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мурат Асанов мындайча түшүндүрдү:

-Биз жумушсуз калганыбыздын негизинде суранып атабыз – ошо Кытайдын машинелерин токтотуп бергиле Эркештам-Ош жолунда, биз ташыйлы жүктү деп. Ошону менен бала-чакаларыбызды багалы деп. Облус губернаторуна кечээ кат да жолдогонбуз.

Алар Кытай автоунаалары жүктү Эркештам чегарасындагы бажы бекетине таштап, ары кайтып кетсе деп ниеттенишет.

Маалымат булактары “Каратай” кыштагында 100 чакты айдоочу топтолгонун жарыялаганы менен, Мурат Асановдун айтуусунда, алардын тарапкерлери кыйла арбын – 600дөн ашуун. Тартип коргоочулар аларды карап турат. Эч кандай жаңжал азырынча жок.

Кыргызстандык КАМАЗ айдоочулардын кайрылуу-каты жетти бекен деп, биз Ош облус губернатору Аалы Карашев менен да байланышка чыктык:

-Алардын каты бизге мына бүгүн келди. “Кытайдын жүк машинелери Кыргызстанга өткөндө арзан баада ташыгандыктан биз, жергиликтүү КАМАЗ айдоочулар ал конкуренцияга туруштук бере албай – ишсиз калуудабыз, ошондуктан тигилерди биздин аймакка өткөрүүгө тыюу салып койсоңуздар” дешиптир. Биз бул маселени тиешелүү адистер менен караштыра баштадык. Бардык нерсе мыйзам чегинде гана чечилет.

Маселе Кытай-Кыргызстан чегара бекетине жакын жерде Кыргызстандын жүк кармоочу кампасы жоктугунан болуп жаткандыгы да ырас. Аалы Карашев андай имарат-жайды Сарыташ аймагына куруу кыргыз өкмөтүнүн келечек планында бар экенин, инвесторлор изделип жатканын, бирок бул жакында эле бүтө койчу нерсе эмес экендигин эскертти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Малаев Кытайдын жүк машинелерин Ош-Эркештам жолунда жүргүзбөй коюу – эл аралык татаал маселе экендигине, маселен, токтотуу туурасындагы сунуш-чечим 90 күн мурда берилиши керектигине токтолду.

Ал эми кыргызстандык КАМАЗ айдоочулардын өкүлү, “Айдоочу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мурат Асанов болсо мындай дейт:

-Биздин суранычыбыз чечилмейинче ушул жерде ушинтип турганыбыз – турган!

Белгилей кетчү жагдай, кайрылууда Кытайдын эңгезердей автоунаалары автожолду бузуп аткандыгы тууралуу сөз жок.

XS
SM
MD
LG