Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

16:51 Эртең “Мен ишенбейм...” кыймылынын акциясында кармалгандардын сот иши аякташы керек


Биринчи Май районунда эки кишинин сот ишин кароо бүгүнкүгө белгиленген болчу. Бирок ал адамдар буга чейинки соттун чечимине каршы жиберген доо арызына азырынча жооп боло электигине байланыштуу ишти кароо эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жаңырык” жаштар коомунун жетекчиси Жылдызбек Музуратбеков билдирди. 10-апрелде 60 жакын адам (көпчүлүгү студенттер – ред.) Жогорку Кеңештин алдына чыгып, “Жерди сатууга жол жок!” деген ураан менен нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Бир нече мүнөттөн кийин аларды милиция кармап кеткен болчу. Кармалгандарды административдик жазага тартышууда. Эртең эки адамдын иши каралса, жалпысынан ал иш-чара үчүн 50 адам соттолгон болот. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG