Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

17:20 Район аралык сот Кумтөр боюнча ишти караган жок


Бүгүн район аралык сотто Жогорку Кеңештин төрага орун басары К. Исабековдун өкмөттүн Кумтөр боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы каралмак. К. Исабеков Бишкек шаардык сотуна Кумтөр боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу боюнча жана “Кен байлыктар жөнүндө” мыйзамдын талаптары сакталган эмес деп эки арыз жолдогон. 2008-жылы 10-апрелде сот бул эки ишти бириктирген. Өз кезегинде, өкмөт бул эки арыз өз өзүнчө каралышы керек деп сотко кайрылган. Ушуга байланыштуу район аралык сот бул ишти Бишкек шаардык сот чечим чыгармайын карабоону чечти. К. Исабековдун пикиринде, өкмөт канадалык инвесторлор менен келишимди ратификациялоону жактоо маскатында соттук териштирүүнү атайылап создуктуруп жатат. Ал эми өкмөт мүчөлөрү мындай айыптоолорду четке кагышты.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG