Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

17:24 А.Жекшенкулов: Астана саммитинде кыргыз президенти саясий эркин көрсөтүшү керек


Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга расмий сапары тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-казак мамилелери ар тараптуу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, азыр гана чегара маселелери боюнча келишим мамилелерге терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Анткени кыргыз эли анын кабыл алынышына нааразы, деди А.Жекшенкулов. “Мен 2005-2006-жылдары Тышкы иштер министри болуп турган кезде бул келишим мага да кароого түшкөн. Бирок анда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калгандыгын түшүнүп, аны ратификацияга жиберүүдөн баш тартканмын”, деп айтты А.Жекшенкулов. Мурдагы Тышкы иштер министринин билдиргенине караганда, эми баардык чечим бир гана президенттин колунда. Президент парламент тарабынан жактырылган ал келишимге вето салып, аны кайра кароого жиберүүгө толук укугу бар. Астанадагы саммитте да ал ушул позицияны карманышы керек. Бирок, чынын айтсам, буга көп деле ишене бербейм, анткени ал келишимди “президенттин парламенти” жактыргандан кийин, демек президенттен аларга буйрук түшкөн, дейт А.Жекшенкулов. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG