Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

ОБАМА МЕНЕН КЛИНТОНДУН КАРМАШЫ УЛАНУУДА


АКШда демократиялык партиянын президенттикке талапкерлери Хиллари Клинтон менен Барак Обама кезектеги сынамык шайлоого --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/B275918A-23BE-4348-A3DE-E5BC8306EB79.asp даярданып жатышат. Кечээ атаандаштар өз ара телетаймаш өткөрүштү. Демократтардын партиялык ички шайлоосу бул жолу Пенсилвания штатында алдыдагы аптанын шейшембисинде – 22-апрелде болот.

Шаршемби күнкү телетаймашта сенатор Клинтон атаандашы Обаманын элет жеринде жашаган америкалыктардын социалдык арман-муңу Вашингтонго жетпей, “мылтыгына жана динине жабышкандан башка аргасы калган жок” дегендей маанидеги сөздөрүн эске салып, калк алдында анын каркынын сындырганга аракет кылды. “Чоң атам же өз атам, дегеле жалпы Пенсилванияда мен билген көп адамдар Вашингтон алардын үнүнө кулак какпай койгондон эле динге дилин берип калганына мен ишенбейм”, - деп айтты Клинтон. Мындай көз карашты Клинтон диндин маанисин жете түшүнбөгөндүктүн белгиси катары мүнөздөдү. “Америкалык шайлоочулар аларга жогорутан керкейе караган президентке эмес,аларды коргоп-колдой билген президентке муктаж”, - деп кошумчалады Клинтон.

Обама өз кезегинде анын сөздөрүн улуп-жулуп бурмалап салганы үчүн Клинтонду айыптап, Пенсилваниядагы, жалпы эле Орто Батыштагы чакан шаарларда калк чейрек кылымдан бери жумушсуз отурганын, ошонун айынан бөлөк-бөтөндүн баарына куйкасы курушуп карап жатышканын белгиледи. “Адамдар азыр өтө кыйын кезеңге туш келди,- деп айтты Обама. – Муну бүгүн бүткүл өлкө боюнча көрүп жатабыз. Ипотека кризисинен чыккан азыркы экономикалык кыйынчылыкка чейин деле алардын абалы жакшы болгон эмес. Эми болсо карапайым адамдардын кирешелери кескин төмөндөп, инфляция асмандап кетти. Менин айтайын дегеним: Вашингтондон жыл сайын, он жылдар бою абал оңолот деген убадаларды угуп, алардын баары аткарылбаган соң адамдардын дин сыяктуу айныбас ишенимдерди эш туткандан башка эмне аргасы калат?” Обама ушул маселелердин баарын чечкени президент болгонго бел байлап жатканын эске салды.

Атаандаштар ошол эле учурда кимиси ырасмий түрдө демпартиядан талапкер болсо да быйыл күздөгү президенттик шайлоодо республикачылардын өкүлү сенатор Жон Маккейнди утуп аларына ишендиришти. Бирок Клинтон бул жагынан жакшы иштей аларын, буга дурус камылгасы барлыгын, быйылкы кампаниянын жүрүшүндө адамдарды бириктирип, баш коштура алганын белгиледи.

Сенатор Жон Маккейн да жакындагы бир сөзүндө президенттик шайлоодо өзүнө атаандаш катары демократтардан Хиллари Клинтонду көргүсү келерин айткан эле.

Хиллари Клинтон менен Барак Обама болсо президенттикке талапкер болуу укугу үчүн жалпы сынамык шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин кармашат шекилди. Быйыл августта демократтардын курултайында партиянын атынан президенттикке ырасмий түрдө талапкер болуп аталыш үчүн 2024төн кем эмес добуш керек. Азырынча Обама 1638 делегаттын өтүлдүгүн алганга жетишти, Хиллари Клинтондун активинде 1500дөн ашык добуш бар. Эгер Пенсилванияда басымдуу артыкчылыкка жетишпесе, Клинтонго жарыштан чыкканга туура келиши да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG