Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Быйыл октябрга чейин «Кыргызтелеком», «Бишкекжылуулук тармактар», ошондой эле «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомдору мамлекет ээлигинен чыгып, жеке колго --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/88F9597D-534D-4EE5-B88A-AFF55A628790.asp өтмөкчү. «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомуна тийиштүү дүйнө-мүлктүн баасын аныктоочу компания тандалып, ал ушу тапта Кыргызстандагы эң ири байланыш камсыздоочунун чарбасына башбакканы турат.

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 620 миллион сомду түзөт. Анын акцияларынын 77,84% өкмөт ээлик кылат, 12,51% болсо Социалдык фонддун ээлигинде. 10% жете бербеген акция жеке жана укуктук жактарга тийиштүү.

Компаниянын өткөн жылы тапкан таза кирешеси 276 миллион сомду түздү. “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунда 7000 ашун киши иштейт. Компаниянын кызматынан пайдалангандардын саны 383 миңден ашуун. Өткөн жылы “Кыргызтелеком” жарым миллион ашуун сомду салык түрүндө мамлекет казынасына төгүп берди.

Жылдан-жылга кирешеси көбөйүп, заманбап байланыш түрүн камсыздап келаткан мамлекеттик ишкананы жеке колго өткөрүү аракети беш жылдан бери жыл кур эмес жасалып келатат. 2003-жылы швециялык “Swedtel” компаниясы тендерде утуп чыгып «Кыргызтелекомго» 15,68 миллион доллар инвестиция сарптоо убадасын берген. А бирок швециялык “Swedtel” компаниясы а кездеги австриялык өнөктөшү “Pricewaterhouse-Coopers” менен кыргыз өкмөтү келише албай тендердин жыйынтыгы натыйжасыз аяктаган. Айтса, өкмөт ага улай тендердик комиссияга 15 миллион ашуун доллар инвестиция алып келүүгө убада кылган орусиялык “Ростелеком” компаниясына өкмөттүн ээлигиндеги 51% акцияны берүү тууралуу да кеп болгон.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин өкмөт башчынын биринчи орунбасары Д.Үсөнов “Кыргызтелекомго” казакстандык инвесторлордун кызыгуусу артып жатканын маалымдап, бирок да ал сөз боюнча эле калды.

Бул ирет өкмөт өзүнө тиешелүү акциялардын текши баарын 77,84% сатыкка коюуга камданууда. Адистердин айтуусунда, соңку беш жылда төрт ирет сатыкка коюлган компаниянын азыркы наркы 52,5 миллион долларды түзөт. “Кыргызтелекомго” тийиштүү дүйнө-мүлк кайрадан эсептелип чыккандан кийин баштагы наркы жарым миллион доллардан ашуун акча эсебине чыгарын болжолдошууда.

“Жаңы кожоюндар ишти тейлөө кызмат акысын көтөрүүдөн баштабаса болду”

Өкмөттүн менчиктештирүү программасынан түшпөй келаткан кирешелүү мамлекеттик ишкананын жеке колго өтүшүнүн чоо-жайын ошол эле “Кыргызтелеком”, Улуттук байланыш агенттиги, болбосо Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетиндегилердин бир да бирөө түшүндүрүп бере алган жок.

“Кыргызтелеком” акционердик коомунун коммерциялык иштер жооптуу кызматкери сатуу-коюу маселесин мындан ары жалаң Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети гана жүргүзөрүн айтуу менен гана чектелди:

- Бул суроо бизди сатып жаткандарга тийиштүү. Биз сатылчу объекттебиз. Канчага сатат, качан сатарын биз айта албайбыз.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин атын атагысы келбеген кызматкери “Кыргызтелеком” баш болгон маанилүү стратегиялык объектилердин сатылыш жөн-жайын комитет төрагасы Турсун Турдумамбетов жакын арада маалымдоо каражаттарына жарыя кыларын билдирди:

- Төрагадан угасыздар. 23-апрелде пресс-конференция өткөрүп, өзү ушул боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Буга чейинки Кыргызстандагы менчиктештирүү кандай жүргөнү, мамлекет ээлигиндеги дүйнө-мүлктүн кантип жана кандайча жеке колго өткөнү көпчүлүккө дайын.

Эми өкмөт июль-август айларында “Түндүкэлектр” менен “Бишкекжылуулук тармактарын” сатыкка койгону турат. Алардын мамлекет ээлигиндеги 80,49% акциялары жеке колго өтмөкчү. Маанилүү энергетикалык объекттерди сатып алууга кызыкдар инвесторлор чыгып жатканы маалымдалууда.

Менчиктештирүүнүн кезектеги жүрүшүнө шагдам киришкен өкмөттүн азыркы аракетин көпчүлүк кооптонуу менен байкап туру. Жаңы кожоюндар байланыш менен энергетика тармагына ири инвестиция алып келер бекен же ишти тейлөө кызмат акысын көтөрүүдөн баштайбы – бул да суроо.
XS
SM
MD
LG