Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев учурда Казакстанда расмий сапарда жүрөт. Расмий сапар убагында эки президент жекеме-жеке жолугушууларды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.asp өткөрүп, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи Астана отурумуна катышты.

Казакстан менен Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин биримдигин түзүү боюнча пикирдеш. Мындай билдирүү Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Астана сапарынын маалында кыргыз–казак президенттеринин катышуусунда өткөн Жогорку мамлекет аралык кеңештин экинчи отурумунан кийин жасалды. Кеңештин Астана отуруму жетишкен башкы тыянак – кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеш түзүлдү. Бул уюм Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин тез чечилчү маселелерин камсыздап турат.

Жыйын башталаар алдында президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов “Азаттыкка” телефон аркылуу Астанадан берген интервьюсунда буларды белгилеген эле:

- Бизде ар бир мамлекет менен өкмөттөр аралык комиссия деген иштейт. Казакстан менен өкмөттөр аралык комиссиянын премьер-министрлердин деңгээлине чоңойтуп атабыз. Ошого да кол коюлат.

Эки президенттин жолугушуулардан кийин жасаган билдирүүсүнө караганда, кыргыз-казак алакалары мындан ары өнүгөт жана бекемделет. Маалыматка караганда, суу-энергетика ресурстарын үнөмдүү пайдалануу менен коштолгон соода-экономикалык, билим берүү, маданий кызматташтык жана эмгек миграциясына байланышкан маселелер эки өлкө кызматташуучу артыкчылыктуу багыттар бойдон кала берери отурумда белгиленди.

Эки өлкөнүн экономикалык-инвестициялык кызматташтыгына, стратегиялык долбоорлорго багытталган кыргыз-казак инвестициялык фондду ишке киргизүүгө жолугушууда өзгөчө маани берилди.

Президент Курманбек Бакиевдин Астана сапарынын учурунда таратылган маалыматтарга караганда, эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн өлчөмү жарым миллиард долларга жетип калды. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ишениминде анын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткиргенге толук шарт бар. Ошентип тараптар Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин экинчи ирет жасаган Астана сапары жемиштүү болгонун белгилеп жатышат.

Курманбек Бакиев Астанага президент катары биринчи расмий сапар менен 2006-жылы 4-июлда барган. Ал эми Жогорку мамлекеттер аралык Кеңеш Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин былтыр апрелдеги Бишкекке расмий сапарынын учурунда түзүлгөн. Түбөлүк достук келишимине кол койгон, ары кошуна Казакстан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш катары саналат. Айрыкча акыркы жылдары энергетика, суу энерегитикасы жана миграция жаатындагы кызматташтык тереңдеп жаткандыгы маалымдалып келатат.

Бакиевдин 2006-жылкы сапарындагы макулдашууга ылайык Казакстан Камбарата ГЭС курулушунун техникалык экономикалык негиздемелери үчүн 8 млн доллар инвестиция бергени айтылууда. Мындан тышкары Ысыккөлгө каттаган туристтердин 80%и казакстандыктар экендиги айтылууда. Бул жолку жолугушууда ошондой эле расмий Астана кыргызстандыктарга Казакстан аймагында 90 күн визасыз жашоо маселесин чечип берүүнү да убада кылууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда Казакстанда учурда 120 миң эмгек мигранты иштейт.

Анткен менен Кыргызстандык талдоочулар президент Курманбек Бакиев тышкы саясатында, анын ичинде Казакстан менен алака түзүүдө эл аралык нормалардан чегинип жаткандыгын байма-бай айтып жүрүшөт. Алардын бири саясат таануучу Кубан Абдымендин айтымында:

- Негизинен казак эли кыргыздарга башка улуттарга караганда боорукердик менен мамиле кылганы байкалат. Тилекке каршы кыргыз тарап муну туура эмес түшүнүп, алардын бизге кылган жакшылыгын жакшылык менен жооп беришибиз керек деп эле ойлонулбаган аракеттерди жасап жатат.

Мындай пикирлер ириде кыргыз-казак чегарасына, Ысыккөлдөгү төрт пансионатка байланыштуу эки өлкө ортосунда 2001-жылдан бери чечилбей келаткан документтерге кыргыз парламентинин визит алдында макулдук беришинен улам чыгууда.

Мурдагы тышкы иштер министри, азыркы оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов мындай чечим дипломатиялык деңгээлдин начар экендигинин далили катары санайт:

- Ар бир мамлекет жетекчилери өз элинин улуттук кызыкчылыктарын сыйлабаса, башкалар албетте, сыйлабай басымдуулук көрсөтөт.

Ошондуктан бир топ талдоочулар Кыргызстандын азыркы жетекчилигине башка өлкөлөр менен эл аралык нормалардын чегинде теңата кызматташтыкта болууну, ал үчүн ириде өзүн сыйлоону сунушташууда. Бул өңүттө Кубан Абдымен мындай деди:

- Тилекке каршы биздин жетекчилик Казакстандын жетекчилигин, биринчи кезекте Нурсултан Назарбаевди көбүрөөк сыйлоого далалаты беш колдой эле көрүнүп турат.

Кандай болгон күндө да Борбор Азия чегинде Казакстан менен мамилени бузбоо керек деген оюн Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Жураев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Бизде Өзбекстан, Тажикстан менен өтө чоң проблема бар. Бул жерде Касансай, Кемпирабад суу сактагычтары, Бүргөндү массиви турат.

Бул аралыкта расмий Бишкек президент Бакиевдин Астана сапарынын алгачкы күнү ийгиликтүү аяктаганын кабарлоодо. Маалыматка караганда тараптар кабыл алган документтердин ичинде 2008-2010-жылдар аралыгындагы биргелешкен иш чаралардын планы, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жобосуна өзгөртүү киргизүү чечими, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлер Кеңешинин жобосу өңдүү документтер бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG