Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин жыйынынан кийин кабыл алынган билдирүүдө эки тараптын мамилеси сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү белгиленип, Борбор Азия мамлекеттеринин Биримдигин акырындап түзүү жакталды. Президенттер ошондой эле 2003-жылы кол коюлган Союздаштык мамиле тууралуу келишимге, 2008-2010-жылдары кызматташуунун планы, мамлекеттер аралык жогорку кеңештин жобосуна өзгөртүү киргизүү боюнча документтерге кол коюшту.(AiT)