Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

10:32 ЖК “Энергетика тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорду жактырды


Долбоор боюнча парламенттин отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Юрий Данилов баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору электр кубатын уурдоолорду жоюуга багытталган. Аракеттеги мыйзам боюнча аны уурдап жаткан адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эместиктен долбоордо электр кубатын өзгөчө мааниге ээ товар катары таануу сунушталган. Талкуу учурунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу укуктары бузула тургандыгын белгилешти. Ошол эле учурда электр кубатын товар катары таануу талаштуу маселе экени тууралуу да сөз болду. Бирок добуш берүүдө долбоор көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. (SM)

XS
SM
MD
LG