Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

Э.КАПТАГАЕВ: “БИЙЛИК КАРКЫРА БОЮНЧА ЭЛДИ АЛДАГАН”


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ Каракол шаарында “Акыл ордо” коомдук кеңешмесинин чукул жыйыны өткөн. Анда Каркыра жайлоосу жана төрт пансионат боюнча чыгарылган чечим талкууга алынган. Буга байланыштуу “Азаттык” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.asp үналгысынын суроолоруна “Эл биримдиги” партиясынын жетекчиси, “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Эмилбек Каптагаев жооп берди.

-Эмилбек мырза, Каркырага, Ысыккөлдөгү төрт пансионатка байланыштуу нааразылык акциялары көл өрөөнүндө күчөйт деген маалыматтар айтылып жатат. Элдин азыркы маанайы кандай? Бул кечээги жыйында билиндиби?

-Мына кечээ биз Караколдо “Акыл ордонун” чукул чакырылган жыйынын өткөрдүк. Биз ошол жерде калыс талкуу уюштурсак, бийлик өкүлдөрүнө, Акүйгө чейин айттык, депутаттардын бардыгын чакырдык. “Келип, өзүңөрдүн жүйөөңөрдү, далилиңерди айтып бергиле элге. Эгерде ошол Каркыра, пансионаттар боюнча жүйөөлүү болсо, чечим туура чыкса, анда ошол элди дүрбөтпөй ошол жерден эле басылалы деген бүтүмгө келели. Болбосо, андан аркысын эл чечсин” деген максатта бул жыйынды уюштурдук эле.

Тилекке каршы биздин депутаттар дагы, бул жактагы Акүйдүн өкүлдөрү дагы барып, элге тушүндүрүүнү анча көңүлгө алган жок. “Кылаарын кылдык, кыл жип менен буудук, эми андан ары эмне болсо ошол болсун” деген позицияны ээлешти. Ал эми ал жерде губернатордун орун басары, акимдин орун басарлары катышты, аябай катуу талкуу болду.

-Өткөн жумада мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралаар алдында Каркырага жана Түпкө барып келген депутаттардын сапарын көрсөткөндө Улуттук телерадиоканалы жана Бешинчи канал аркылуу жергиликтүү эл жердин берилип, суулуу түшүм бере турган жердин кайра Кыргызстанга өтүшүнө абдан макул болуп жатышат, аларга буга абдан сүйүнүп жатышат деп гана айтылып жатты. Жергиликтүү элдин өзүнүн маанайы чынында эле ошондой бекен?

-Мына кечээ ошол Санташ айылынын тургундары, ардагерлер Алиев Бекбосун, Эгембердиев Абдыкалык аксакалдар келип катышты. Мына ошол депутаттар барган жыйынга катышкан Абдыкадыров Арзым аксакал дагы келип катышты. Мына ошол аксакалдардын кечээги сөзү боюнча бийлик тарабынан, анын ичинде Аламанов деген ошол жердин картасын көтөрүп жүргөн чиновник тарабынан элди алдоо болгон.

Ошол жердеги жергиликтүү калкка, “биз мурдатан пайдаланып келген жериңердин ары жагынан дагы казактар 1200 гектар жер берип атат” деген маалымат берилип калган. Мына ошону колдоп чыгып, “андай болсо мейли, деген пикирди ошол жерде айтканыбыз чын” деп кечээ аксакалдар айтып жатышат. А көрсө карта боюнча биздин эле жер өзүбүздө калып жаткан турбайбы, андай болсо бул чечим туура эмес, деген тыянак болду.

-Айрым маалымат каражаттары күч структурасынын атайын күчөтүлгөн отряддары Ысыккөлгө жайгаштырылганын жазып чыгышты. Ушул тууралуу сиздин маалыматыңыз барбы?

-Эми бул боюнча кечээ ошол жерде дагы “Акыл ордодо” талкууланды. Тамгадагы коргоо министринин санаторийинде жакын арада жетекчилик алмаштырылыган экен. Анан тагдырдын туш келип калганынанбы, жетекчилигинин бардыгы түштүк региондун кулундары экен.

Алар келгенде биз ушул жерге жер титирөөдөн жапа тарткандарды алып келебиз деп мурда жашап келе жаткан 5-6 кабат үйдөгү жергиликтүү тургундарды чыгарабыз дешкен экен. Мына ошондон чатак чыга баштаганда өз ара кайым айтышта жергиликтүү эл бизге мындай үстөмдүк кылган жатат деп бул жакка телефон чалып, 40 куралданган аскер алып барганы чын экен. Анан кечээ маалымат таратылыптыр, алар ошол санаторийдин ичин шыпырып, тазалаганга барышты деп.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG