Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

А.МОЛДОБАЕВ: “АСКЕР ЖАМААТЫБЫЗ КЫЗМАТЫН АБИЙИРДҮҮЛҮК МЕНЕН АТКАРАТ”


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттык” үналгысынын маектеши Адилет министрлигинин кайтаруу жана күзөтүү департаментинин башчысы Асылбек Молдобаев болду. Аталган департамент 1942-жылы 18-апрель күнү Улуу Ата мекендик согуш күчөп турган учурда түзүлгөн.

-Асылбек мырза, сиздердин Күзөтүү жана кайтаруу департаменти Борбор Азияда согуш качкындарынын көбөйүп кеткенине байланыштуу түзүлгөн деген маалымат бар. Бул канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?

-Сиз айткандай, биздин аскердик бирикме Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында түзүлгөн. Себеби согуш болуп жаткан шаарлардан стратегиялык мааниси бар объектилер, жанагы курал-жарак, ок-дары чыгарган заводдор биздин борбор шаарыбызга көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, андан сырткары кылмышкер дезертирлер, аскер туткундарын кайтаруу максатында биздин аскердик бирикме Ички иштер Эл комиссарынын буйругу менен түзүлгөн.

-Сиз жетектеген департаментте мына ушул учурда кандай жетишкендиктер жана көйгөйлөр бар? Анткени коомчулук коргоочулар деген түшүнүктү Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин аскерлерине карата түшүнүп жүрүшөт. Көбүнчө Адилет министрлигинин күзөтүү департаменти көз жаздымда калып калган учурлар болот...

-Биз мурда Ички иштер министрлигинин алдындагы ички аскерлердин курамында болгонбуз. Андан кийин 2002-жылы пенициардык тутумдун курамына киргенден кийин бизди, менимче, кээ бир эл аралык уюмдар, аскер атташелери жарандык ведомство катарыбы, куралдуу күчтөрүнө кирген аскер жамааты катары бир аз четте калгандай сезебиз. Бүгүнкү күндө биздин жоокерлер, аскер жамаатыбыз өздөрүнүн кызматын абийирдүүлүк менен аткарып келе жатышат.

-Жаза өтөөчү жайларды кайтаруу жана кылмыш жасады деп айыпталган адамдарды сотко жандап баруу дагы сиздердин милдетиңизге кирет. Сиздердин бөлүктөгү жоокерлер бул ишти канчалык деңгээлде аткарып жатышат?

-Бүгүнкү күндө биздин аскер жамааты республикада жайгашкан ондон ашуун жабык колонияларды кайтарабыз. Андан сырткары биздин борборубузда жайгашкан төрт райондун, Чүй облусунун сотун камсыздоо кызматы биздин моюнубузда бүгүнкү күндө.

-Бирок дагы бир жери, сиздерде канча аскер кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат жашыруун сакталат турбайбы?

-Бул аскердик жашыруун сыр.

-Аскерлердин, Мекенди коргоо, же болбосо Мекенге кызмат милдетин жаңы өтөө үчүн келген жаңы аскерлерди колдоо жагы кандай силерде?

-Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан бардык иш-чаралар көрүлгөн. Биз апрелдин аяк ченинде жаш жоокерлерди кабыл алуу боюнча бардык казарма фондун, кийим-кече, тамак-аш маселесин толугу менен даярдап койгонбуз.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG