Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

14:45 “НГ”: Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдорго Казакстан жылына 300 миң тонна мунай жөнөтүп турат


Бул боюнча чечим Астанадагы кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү учурунда жетишилгенин “Независимая газета” бүгүнкү санында жазып чыкты. “Назарбаев Бакиевди колдойм деп сөз берди” деп аталган макалада жылпы капиталы 120 млн.долларды түзө турган биргелешкен инвестициялык фонддун мындан аркы иши тууралуу да сөз болгону айтылат. Бул өңдүү фондду түзүүнү тараптар былтыр жайында Бишкекте макулдашышкан. Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев болсо эми Казакстан Кыргызстандын экономикасына салып жаткан инвестициянын көлөмү азайыш коркунучу бар экенин, анткени азыр Казакстандын өзүндө да экономикалык абал кооптонууларды жаратып жатканын билдирди. Бирок абалды жакшыртыш үчүн, Казакстан менен алыш-беришти дагы күчөтүү максатында Курманбек Бакиев жана анын командасы колдон келгендин барын жасап жатат, дейт “НГ”. Мисал катары макалада кыргыз-казак чегара келишиминин жана Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилишин шарттаган келишимдин “Бакиевдин көзөмөлү астындагы парламент” жактырганы айтылат. (TD)

XS
SM
MD
LG