Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

15:55 Чек ара жана пансионаттар боюнча келишимдердин жактырылышы мамилелердин жаңы деңгээлге өтүшүнө таасир тийгизет


Бул тууралуу Казакстан менен Кыргызстандын президенттери Астанада кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылат. Анда эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк принциптерине негизделген мамилелер сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканы канааттануу менен белгиленген. Билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча 2001-жылы 15-декабрда кол коюлган макулдашуунун жана Ыссыкөлдө жайгашкан курорттук-чарбалык объектилердин менчигин тактоо боюнча келишимдин Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылышы коңшулук мамилелердин жаңы деңгээлге өтүүсүнө сөзсүз таасир тийгиззери баса белгиленген. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди.
Аталган келишимдердин парламент тарабынан жактырылышы кыргыз коомчулугунда кандай нааразылыктарды пайда кылып жатканы белгилүү.Өткөн ишембидеги элдик курултайда да Каркыра жайлоосундагы жердин жана көлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилишине катуу нааразылыктар айтылып, президентке бул келишимдерге кол койбоо талабы коюлган. Оппозиция ошондой эле президент ага кол койгон күндөн тарта талаптын мөөнөтү аяктап, өлкө боюнча нааразылык чаралары башталаарын эскерткен. (SM)

XS
SM
MD
LG