Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Оппозициянын өткөн жылы апрель айында уюштурган мөөнөтсүз митинги учурунда “Канжар” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/04/61203C2D-C7D9-477E-8D90-88A572277B7A.asp жаштар кыймылынын мүчөсү Адилет Айтикеев “массалык башаламандыкты уюштурган” деп айыпталып, 21-апрелде камакка алынган эле. Андан көп өтпөй бир катар депутаттардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бошотулган болчу. Бирок 19-июнда Айтикеевдин баш коргоо чарасы кайрадан өзгөртүлүп, ал 25-октябрда камакка алынган. Ал эми 13-декабрда Жогорку Cот Адилет Айтикеевди апасынын кепилдиги менен абактан бошоткон. 17-апрелде Биринчи май райондук сотунда Адилет Айтикеевдин сот иши өттү. Сот аны Кылмыш кодексинин 233-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, ал бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Сот чечими, апрель митинги, “Канжар” кыймылы жана өзүнүн алдына койгон максаттары тууралуу Адилет Айтикеев “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Зейнеп Мартбек кызына маек куруп берди.

-Адилет, белгилүү болгондой сиз апрель окуяларына чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүндө экинчи курста окучуңуз. Апрель окуясы сиздин жашоңуузду кыйла өзгөрттү окшойт. Жөнөкөй студент кантип саясий окуяларга аралашып калды?

-“Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн студенти болуп, 2005-жылы университеттин атайын тестирлөөсүнөн өткөм. Негизи биз университетке кирээрдин алдында документтерибизди тапшырып окуурдун алдында, биз атайын университет тараптан коюлган талаптарды камтыган тилкатка кол койгонбуз. Анын ичинде “эгерде мен саясий окуяларга, университеттин жетекчилиги тарабынан тыюу салынган иш-чараларга катыша турган болсом, анда суроо-сопкуту жок эле университеттен чыгарылып салынышым мүмкүн, же болбосо, кандайдыр бир тиешелүү жазалар колдонулушу мүмкүн” деген эскертүүлөр камтылган тил катка кол койгонбуз.

Бирок бул жерде суроо туулат да: Кыргызстанда биздин Конституциябыз өйдөбү, же эки мамлекет түзгөн келишимдин негизинде ачылган “Манас” университетинин эрежеси маанилүүбү? Бул суроону өзүбүзгө койдук, бул маселени абдан талдадык, бирок тилекке каршы, биз күткөндөй болгон жок.

Биз бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жараныбыз, экинчи жактан “Манас” университетинин студентибиз, анан ушундай талаштуу суроо пайда болгондо биз албетте Конституциянын тиешелүү беренесинин негизинде иш алып барууну чечип, ошонун негизинде биз тыюу салганына карабай, саясий акцияларга катышып, аягында бул саясий акцияларга катышуу менин университеттен четтетилишим менен аяктап отурат.

-Сиз “Манас” университетинен кандай негиз менен четтетилдиңиз?

-Атайын, башкаруу кеңешинин чечими менен университеттин ректорунун кол койгон буйругунун негизинде, саясий иш-чараларга катышууга тыюу салган берененин негизинде университеттен четтетилдим. Негизи университеттин беренесинин негизинде мен туура эмес иш кылдым. Бирок бул Конституцияга каршы келбейт.



“Мен “Канжар” кыймылынын лидери болгон эмесмин”

-Ошол апрелде оппозициянын мөөнөтсүз митинги учурда “Канжар” деген кыймыл түзүлдү. Ал кандай максат менен негизделген?

-Мен алгач лидер деген сөзгө жооп берип коеюнчу. Ушул кезге чейин массалык маалымат каражаттарына интервью бербегениме байланыштуу бул нерсеге тактоо киргизген эмес болчум. Бирок бир нерсени айтып коеюн: уюм түзүлгөндөн баштап, уюмдун жетекчиси болуп Жалын Маматказиев эсептелчү. Ал жоопкерчиликти толугу менен өзүнүн мойнуна алган. Бардык жерде жетекчилер, лидерлер жоопкерчиликти мойнуна алат.

Экинчиден, былтыр 21-апрелде камакка алынгам. Ошондон баштап бир адамдын оозунан “Канжар” кыймылынын мүчөсү экен деген сөз чыкты. Ал ММКга жарыяланды дагы, андан ары уланып отуруп, “Канжар” кыймылынын лидерлеринин бири, андан кийин барып лидери дегенге өттү. Биздин элибиздин арасында негизсиз ушактар тарап кетип жаткандан кийин бул нерсе албетте ушундай жагдайга алып келиши мүмкүн. Мен “Канжар” кыймылынын лидери эмесмин. Бирок мен бул кыймылдын мүчөсү болгом.

-Анда “Канжар” кыймылынын лидери Жаңыл Маматказиев менен сүйлөшө алдыңызбы? Ал эмне деп жатат?

-Ал киши бул суроого өзү жооп берсе жакшы болот эле. Бирок Жалын Маматказиев мен кармалганга чейин андан мурунку күнү мага байланышка чыккан, мен дагы ага байланышка чыгып сүйлөшкөнбүз. Ошону менен байланышыбыз токтоду, ал мен менен байланышкан жок. Кайда жүргөнү ушул күнгө чейин белгисиз. Бир канча окуялар болду, канчалаган пикирлер болду, ошолордун бирөөнө дагы массалык маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү жооп кайтарган жок.



-Башкача айтканда өзү жетекчи деп аталганы менен ал жоопкерчиликтен качып кеттиби?

-Журналисттер бардыгыңыздар ошол убакыттагы окуяларды, аянтта болуп жаткан абалды көрдүңөр. Массалык башаламандык болду деп жатат, ошол башаламандыктын бардыгын өзүңүздөр чагылдырып, өзүңүздөр күбө болуп жүрдүңүздөр. Мен сизден журналист катары эмес, адам катары көз карашыңызды сурайт элем. Сиз кандай деп ойлойсуз, ошол жерде чоң окуя болду, канчалаган миңдеген адамдар катышкан окуя болду. Эгерде массалык башаламандыктар уюштурулса, миндеген адамдар катышса, ушул нерсени жалгыз мен уюштура алышым мүмкүн беле? Мына ушундай суроо туулат.

Жашым 22де. Башка карапайым адамдар деле, калыс адамдар деле ушул нерсени айтып жатышат, мен дагы бул пикирге кошулам. Ушунча миңдеген адамдар катышкан тополоңдун этегинде, жыйынтыгында келип, жалгыз Айтикеев күнөөлүү болуп калышы мүмкүн эмес. Бул логикага дагы сыйбайт, бул балким мыйзамга сыят, бирок адамгерчиликке сыйбай кала турган популисттик иш-чара болуп калды.



“Кыргызстандан качып, чет өлкөдөн башпаанек сураган эмесмин”

-Апрелде сиздерди Улуттук коопсуздук кызматы кармаганда канчоо элеңер?

-Лидерлер деп санагандардын ичинен эң биринчи мени кармашты. Менден кийин Өмүрбек Абдрахманов, андан кийин Өмүрбек Суваналиев камакка алынды. Бирок бир эле күндө, 27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттарынын кепилдиги менен биз камактан убактылуу бошотулдук.

-Ошондо тараган маалыматтар боюнча сиз баш паанек сураган турбайсызбы?

-Массалык маалымат каражаттарында тарап кетти. Мен өзүм камактан чыкканда биринчи жолу маалымат жыйыны болду. Сот иши аяктабагандыгына байланыштуу массалык маалымат каражаттарына чыгып, кандайдыр бир сөздөрдү айтуу - бул тергөө амалдарына жана иштин аягына чыгышына кандайдыр бир таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Ошол себептен мен ММКга өзүмдүн пикиримди билдирген жокмун. Себебин өзүңүздөр деле түшүнөсүздөр.

Ал эми ошондо кээ бир адамдар тарабынан, укук коргоочулар тарабынан “Айтикеев чет мамлекеттерден башпаанек сурап жатат” деп АкиПресс агенттигине жарыяланып кетти. Башка ММКга тарап кетти. Бирок мен айтып коеюн, эч бир өлкөдөн саясий башпаанек сураган жокмун. Кыргызстандын ичинде болдум.

Кийинки учурда качып кетти деп кармаганда дагы өзүңүздөр көрдүңүздөр, университетте жүргөм. Качып кеткен адам, башпаанек сураган адам Кыргызстанда болбойт, университетке келбейт таптакыр. Ал коомдук жай. Мен ал университетте окуп, ал жерге барышым мүмкүн экенин, ал жерде жүрүшүм мүмкүн экендигимди бардыгы билет. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы сөзсүз билет. Бирок мен ошол жерде эркин басып жүргөндө камакка алындым. Муну мен ойлойм, качып кетти деген негизсиз жүйөө болчу, аны келип-келип отуруп, этегинде Жогорку Сот аныктап, башкоргоо чарасын өзгөртүп, мурдагы калыбына келтирди.

“Ректор Сулайман Кайыповго эч кандай дооматым жок”

-Укук коргоочу Азиза Абдирасулова биз менен байланышканда, “Адилет Айтикеев ректордун кабылдамасында болуп, ошол жерден аны Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери камап кетти” деп “Азаттыкка” маалымдаган эле. Чындыгында окуя кандай болгон эле?

-Мен университеттин жетекчиси, ректору Сулайман Кайыпов агай менен ага чейин бир нече ирээт кезигишкем. Окуу жылынын башталышында, андан кийин бир айча убакыт өткөндөн кийин экинчи ирээт кезигишип, сүйлөшүп, окууну андан ары улантуу боюнча сүйлөшүп, жакшынакай чечимге келип, окуумду улантып жаткам.

Анан маалыматтарда айтылып жатпайбы, “телефон аркылуу чакыртыптыр” деп. Биз телефон аркылуу сүйлөшкөн эмеспиз. “Сени Сулайман агай чакырып жатат” деп анын катчысы дагы мага расмий чалган жок. Бирок бир агайыбыз аркылуу ага айтыптыр, “келем деди эле, келбей жатат го, бир көрсөңөр айтып коесуңарбы” деп айтты деди. Бирок ал сөздө канчалык чындык бар экенин бир Кудай билет. Мен ошол айтылган сөз боюнча бардым дагы, кабылдамасына кирип баратканда, университеттин оозунда, күзөтчүлөр турган жерде Улуттук коопсуздук кызматынын тиешелүү адамдары ошол жерде отурган экен. Анан мен киргенден кийин артыман кирди дагы ошол жерден үстүмөн чыгышты.

Бул боюнча айтсам, окуянын кандай болгонун бир болсо муну жасаган адамдар билет, анан эң негизгиси Кудай билет. Бирок мен ойлойм муну чоң шоуга айлантуунун деле кажети жок. Болуп өттү, ал тагдырыма өзгөртүү киргизе турган окуя эмес. Аны жөнөкөй окуя катары гана кабылдоо керек.

Ал эми университеттин жетекчиси тууралуу айта кете турган болсом, туура ошол жерден кабылдамасынан кармалдым. Бирок бул менин “ректордун кабылдамасында кармалды” дегеним – “ректор кармап берди” дегенге жатпайт. Себеп дегенде мени атайлап телефон чалып, чакырган жок.

Экинчиден, Сулайман агай тууралуу айта турган болсом, бул киши кыргыз адабиятында дагы, поэзиясында дагы, көркөм өнөр жаатында дагы бир топ алгылыктуу ийгиликтерди жаратып, өзүнүн чечкиндүү кадамдары менен чыгармачылык жаатында жакшы ийгиликтерге жетишип, кыргыз маданиятына, искусствосуна, адабиятына өзүнүн олуттуу салымын кошкон чыгаан инсандарыбыздын бири. Мен бул кишинин кишинин тажрыйбасын, ал кишинин кадыр-баркын сыйлоого мен өзүмдү моралдык жактан милдеттүүмүн деп эсептейм. Эгерде ал кишиде, же алар тарапта кандайдыр бир күнөө болсо, албетте эч бир күмөнү жок - мен ал кишилерди кечирмекмин. Бирок ал киши тарапты күнөөлөй албайм.



“Феликс Куловдон мындайды күткөн эмеспиз”

-Апрель айында, оппозициянын митинги өтүп жатканда “Канжар” кыймылы Бириккен фронттун талаптарын колдойт, деп чыктыңар эле. Бирок кийин силерди камакка алганда, Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов “бул кыймыл менен эч кандай байланышыбыз жок” деди. Буга эмне дейсиз?

-Бул эми албетте сокурга деле, дүлөйгө деле түшүнүктүү, күлкү келтире турган окуя. Бул киши жөнүндө мен тигиндей же мындай дагы пикир айткым келген эмес эле. Бирок айтып коеюн: бир кезде мамлекеттин тагдырын чече турган деңгээлде турган адамдын ушундай бизге асылып, кандайдыр бир адамкерчиликтин чегинен чыккан сөз айтканы албетте бир жагынан өкүнүчтүү нерсе. Биз бул нерсени күткөн эмеспиз.

8 күн, бир жумадан ашык ошол жерде жүрдүк. Ошол жерде тиешелүү уюмдун эмблемасы, транспаранттары илинип, бардыгы ачык турду да. Тиешелүү мүчөлөр уюмдун атынан сүйлөп атты. А эгерде биздин тиешебиз жок болсо айтат эле да, “айланайын балдар, силердин бизге тиешеңер жок. Силер чыксаңар өзүңөрчө чыккыла, биз силерге уруксат бере албайбыз” деп. Ошол штабдын жетекчиси менен дагы, фронттун лидери Феликс Кулов менен дагы Маматказиев учурунда жолугуп, сүйлөшүп, баарлашып эле жүргөн. Анан этегинде келип, “биз силерди тааныбайбыз” дегени - бул “эшек суудан өткөндөн кийин...” деген макалды элестетет.

-Ошол апрель митингдери учурунда лидерлердин бири болуп, алдыңкы сапта жургөн, кийин сиздер менен камакка алынган Өмүрбек Суваналиев Нарын облусунун губернатору болуп дайындалганда, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылган эле. “Бирөө кызматта, башкалар камакта” деген өңдүү. Дегеле өзүңүздө буга байланыштуу кандай пикирлер бар?

-Жеке бул киши тууралуу айта турган болсом, ар бир адамды баалардан мурун мен ойлойм, өткөн чагын таразалап, элестетип, көз алдыбызга тартып, анын учурда кылып жаткан ишин дагы таразалап, этегинде бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бул кишинин ички иштер тармагына, Кыргызстандын коопсуздугуна кошкон салымын албетте баалашыбыз керек.

Экинчиден, анын бүгүнкү кадамы мыйзамсыз эмес. Мыйзам чегинде. Бул ошол кишинин Конституциялык укугу. Балким ал келечекте маселелерди жөн эле куру кыйкырык менен чечпестен, мамлекеттик кызматта иштеп, өзүмдү сынап, Кыргызстанды чоң көйгөйлөрдөн арылтууга кандайдыр бир чоң салымды ушул аркылуу кошом деп чечкендир. Бул анын өзүнүн жеке иши. Биз ага кандайдыр бир доомат коюуга, же ал кишини жарга такаганга эч кимдин акысы жок.



-Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу жайында канча отурдуңуз?

-Жалпысынан алганда эки ай. Алгач бир жума камакка алындык, кийинкисинде эки ай отуруп калдым.

-Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин сизге карата мамилеси кандай болду?

-Эч кандай моралдык жактан коркутуп-үркүтүү болгон жок, андай нерселерди жасай алышкан жок. Же жасагылары келишкен жокпу, билбейм. Ал жагынан эч кандай дооматым жок. Болгону алар камакка алышты. Бирок андан башка коркутуп-үркүтүүлөр, же кандайдыр бир кысымга алуу тууралуу сөз түгүл ой дагы болушу мүмкүн эмес.



“Өткөн жыл мен үчүн чоң сабак болду, көп нерсени түшүндүм”

-Ушул аралыкта, бир жыл сиздин жакындарыңыз үчүн абдан кыйын болду окшойт. Адамдарга болгон мамилең өзгөрдүбү? Дегеле эмне тууралуу ой жүгүртүп, эмнени түшүндүң?

-Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – бул башымдан өткөн бир жыл мен үчүн бир жагынан оор болду. Көп кыйынчылыктарды өткөрдүм. Экинчи жагынан алганда учурда көп нерседен сабак алдым. Ушул окуялар башыман өткөндөн кийин түшүндүм, көрсө өзүмдү буга чейин жөн эле эр көкүрөк сезип, дардаңдап, кыйын сезип жүргөн экенмин. Башымдан өткөн жыл, бир жыл аралыгында көргөн окуялар мага чоң сабак болду.

Бул учурда мен саясат деген эмне, адамгерчилик, ичкүйдүлүк деген эмне экенин, популизм жана анын жыйынтыктары тууралуу, адамдардын бирине-бири болгон мамилеси кандай болушу мүмкүн экенин, турмушта кандай кызыктар болушу мүмкүн экенин, бардыгын кандайдыр бир деңгээлде өзүмдүн көз карашым менен таразалаганга жетиштим. Ошол учурда кимге кандай мамиле кылыш керек деген суроого дагы жооп издегендей болдум.

-Сот чечимине макулсузбу? Ал акыйкат болдубу? Же аны жокко чыгаруу боюнча аракеттерди көрөсүзбү?

-Биринчи жагынан алганда, бул чечимди угууга мен өзүмдү психологиялык жактан даярдап койгом. Себеп дегенде мындан кабырга кайыштырган оор күндөр, энемди азапка салган күндөргө силер дагы күбөсүздөр. Ушул энемдин силердин редакцияңарга канча келип, канча кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүнө силер дагы ортоктош болдуңуздар.

Ушул жерден мен айрыкча “Азаттык” үналгысынын жетекчилерине, өкүлдөрүнө, журналисттерине өзгөчө ыраазчылык билдирип коюшум керек. Сиздердин бул нерсени коомдук резонанска айлантууда кошкон салымыңыздар абдан чоң болду.

Экинчиден, соттун чечими акыйкатсыз болду. Бирок келечегимде боло турган жеңишке карай бир кадам ташталды деп эсептейм. Мындан дагы акыйкатсыз болуп кетиши мүмкүн эле. Ислам дининде жакшы сөз бар: “өзүңдүн абалыңды таразалап билиш үчүн сенден ылдый жакты карагын” деген. “Өйдө жакты көздөй жутунбай, ылдый жакты карап топук кылгын” дейт. Ал жагынан алганда топук кыла турган нерсе.

Бирок бул нерсе менен чектелип отура бербей, мен келечегимде өзүм издеген акыйкаттыкка жетишим керек. Өзүмдүн жаркын келечегимди кайра ордуна коюп, бийиктиктерге серпилишим керек. Албетте бул нерсе юридикалык жактан алганда мага бир топ тоскоолдук кылат. Бул нерседен кутулушум керек. Бул акыйкатсыз чечим деп эсептейм. Мындан толук кутулганга, албетте мыйзам чегинде болгон күч аракетимди жумшап, дагы чараларды көрөбүз.



Балким кээ бир адамдарга кичинекей нерседей көрүнүшү мүмкүн. Бирок жеке мен үчүн жалкоолук менен уктап өткөргөн 20-30 жылдык өмүргө тете иш болду деп эсептейм. Көп кыйынчылыктарды көрдүк. Бул акциянын төрт катышуучусунун аттарын атап кетейин: Эркин Акназаров, Жолдошбек Абдиев, Жылдызбек Кенжебаев жана Амантай Сейталиев деген төрт митингдин катышуучулары соттолуп кетти. Төрт жарым жылдан эркинен ажыратылып, бирок кийин жазасы жеңилдетилиптир. Бирок ушул жерден мен дагы ошол адамдардын катарына кошулуп калышым мүмкүн эле. Балким өзүмдүн юридикалык сабатсыздыгымдан ушул нерсеге кириптер болуп калышым мүмкүн эле.

Бирок ошол жагдайдан өйдө көздөй жакшы багыт ачып бергенге себепчи болгон адамдар бар. Мен калыстык үчүн, адамгерчилик үчүн бардыгын аттарын атап, ар бирине ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүмүн деп эсептейм. Алар: укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова. Мына ушул эки адамдын айрыкча мага көрсөткөн жакшылыктары көп болду. Бул кишилерге мен адам катары ыраазычылык билдирем. Булардын мага көрсөткөн жакшылыгы өмүр бою унутулбайт.

Алар менен бирге көп юридикалык кеңештерди берип, жакшы жардамдарын көрсөткөн адвокат Сартпай Жайчибековду дагы белгилеп өтүшүм керек. Ал кишинин ошол ишти аягына чыгарууга салымы зор болду. Бул кишинин кыраакылыгы, сабаттуулугу, жөндөмдүүлүгү бул абалдан алып чыгууга чоң түрткү болду.

Төлөйкан эженин, Азиза эженин, Токтайым эженин, Сартпай байкенин эң негизги берген жардамы - бул ишти коомдук резонанска айлантууда булардын болгон жардамы зор. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, мен камакка алынган кундөн баштап, ушул күнгө чейин массалык маалымат каражаттарында болобу, же коомдук жайларда болобу, алар өздөрүнүн калыс жана так пикирлерин айтып, таасирин көрсөтүүгө аракет кылып келди. Албетте жакшы жагына. Мен буларга дагы бир жолу рахмат айтып, иштерине ийгилик каалап коюуга өзүмдү милдеттүүмүн деп эсептеймин. Бул жакшылык мен үчүн өмүр бою унутулбайт.



“Саясий тыныгуу жасайм, бирок кыргыз эли менен бирге болом”

-Келечек жөнүндө сөз болуп калгандан кийин дагы бир суроо бергим келип турат. Мындан кийинки кадамдарыңыз тууралуу бөлүшсөңүз? Саясатка кайра аралашасызбы, же өзүңүздүн башка пландарыңыз барбы?

-Кандай иш жасадым, коомго кандай пайда келтирдим, же кандай зыян келтирдим аны бир Алла аныгын таразалайт. Бирок жыйынтыгына келгенде, окуп жаткан университтен чыгарылдым, жакшынакай юридикалык жактан тагдырым талкаланганга тете болду. Эркимден шарттуу болсо дагы ажыратышты. “Ушул абалга келишиме эмне себеп болду?” деген суроого анализ жасай турган учур келди деп ойлойм. Буга чейин дагы жасап келгем, бирок жыйынтыгына толук жете элекмин.

Саясат тууралуу айта турган болсок, бир акылман ойчулдун айтканы бар: “Өзүңдөн деңгээли пас адам менен айтышпа, сен дагы ошол адамдай көрүнүп каласың” деген сыяктуу ой айткан да. Өзүңөн деңгээли пас, абдан ыплас адам менен мамиле кылсаң, сен дагы ошого окшошуп калышың мүмкүн. Ошол окуя менин башымдан өтүп жатат.

Бирок бүгүнкү саясий элитанын жүзүн көрүп алып, “кыргыз элинин көргөн шорунан көрө элек шору али алдыда” экен деп бир туруп ойго батасың. Бирок Кыргызстандын келечегине мен оптимисттик көз караштамын. Келечекте жакшы, адилеттүү ой жүгүрткөн, патриот, өз Мекенин сүйгөн, жаркын келечекке умтулган, таза, мамлекеттик кызматтарды ээлеген жаш кадрлар бир кезде келет. Ал үчүн бир кездеги Брежневдик, советтик идеологиянын келтеги башына зак кетирип, алардын берген ашына курсант болуп, алардын даяр ырыскысын жеп, ошого топук кылып калган адамдар бүгүнкү саясий аренадан кетмейинче ушундай абалда тура беребиз.

Бул муун дагы кетет. Бул убакыт дагы өтөт. Келечекте жакшы муун келет. Ошол убакытта албетте мен өзүмдүн элимдин жакшылыгы үчүн дагы, кыйынчылыгы үчүн дагы ар убакытта бирге турганга даярмын. Жеке мен үчүн таразалай келсем, эң биринчи ага келечекте эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылууга эң биринчи кезекте билим жетишпейт. Билим керек. Ошол окуялар болуп жатканда дагы тажырыйбасыздыгыбызды, алсыздыгыбызды ушул жактан сездик. Балким бизде Мекенге болгон сүйүү, ак жүрөктүк бардыр, бирок тажырыйбасыздыгыбыздан ал эч нерсеге жарабай калып жатат. Ошону ишке ашыруу үчүн албетте жанагындай ийгиликтерге жетишибиз керек. Тажырыйба топтошубуз керек. Акыл көрөңгөбүздү кеңейтип, жакшы билимдерди алышыбыз керек. Анан албетте материалдык ресурстарды топтошубуз керек.

Өзүм мына 22 жаштамын. Өзүмдүн бир тууган иним бар. Апам кичинекей кезимде, 3-классымдан баштап иним экөөбүздү көп нерседен кем кылбай, элдин балдарына окшоштуруп, тарбиялап өстүрдү. Болгон бизге жакшылыгын жумшады. Бирок менин кысынганым – 17-апрелде чыккан чечимди энем укканда ыңгайсыз абалга туш болду. Ошол киши “менин тарбиям ушундай жыйынтыкка алып келдиби” деген ойго түшсө, албетте мен үчүн дагы ыңгайсыз. Мен ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн белимди бекем бууп, үйбүлөмдүн жакшы келечеги үчүн аракет кылышым керек. Ошондуктан келечекте беш жылга саясатта дагы, коомдук иштерде дагы өзүмө тыныгуу жарыялап, жеке маселелерим менен алектенүунү чечтим. Бир кезде биз саясатка аралаша турган, биз чече турган учур келет. Ошол учурда албетте мен дагы бул иштерге активдүү катышып, мен дагы өзүмдүн салымымды кошом.



“Жаш муун келет, Кыргызстанды алар баткактан сүйрөп чыгарат”

-Азыр жаш кыймылдар, уюмдар абдан көбөйбөдүбү. Демек алардан чакыруу түшсө дагы макул болбойт экенсиз да?

-Сунуштар буга чейин деле болуп келген. Жаштар уюму эле эмес, таасирлүү уюмдар партиялар тарабынан сунуштар түшүп келген. Бирок баш тартып келдим. Мага кандайдыр бир убактылуу кызыкчылык, же материалдык кызыкчылык, же болбосо жылуу орун болуп, кудуңдап отура турган, буйрук берсе, аткара турган убактылуу майлуу орун кызык эмес. Мага мансап дагы, бийлик дагы артык эмес.

Мага эң биринчи кезекте элибиздин келечеги, бакубат турмушу артык. Мен эмнеге тыныгуу жарыялап жатам өзүмө? Талдашыбыз керек. Эмнеге ушундай абалга келдик? Ошол абалдан кантип чыгабыз? Ага кандай жол менен жетишибиз керек?

Менин көзүм жетти, популисттик жол менен майда нерсени чоң кылып, ызы-чуу чыгаргандан кыйынчылыктарды жеңе албайбыз. Буга менин көзүм жетти. Албетте биз үчүн мен айтып кеткен чоң бийиктиктерди багынтышыбыз керек. Ошол аркылуу гана дүйнөлүк глобалдаштыруу саясатынын соккусуна туруштук бере алабыз. Ал үчүн биз мамлекетти, келечектүү, жаш жана азыркы заманбап билим менен жабдылган, акыл көрөңгөсү кенен, көкүрөгүндөгү патриоттук сезим ойноп, мамлекеттин татыктуу уулдары-кыздары, бүгүнкү мамлекеттин келечегин колго алмайынча, бүгүнкү баткактан чыгышыбыз кыйын.

Биз бир күндө, же кыска убакытта жакшы жашоого жетип, Швецария курушубуз мүмкүн эмес. Ага эч бир жактан мүмкүнчүлүк жок. Убакыт бизге каршы иштеп жатат, аны туура пайдаланып, мамлекеттин келечеги үчүн татыктуу жашоого умтулушубуз керек. Бул үчүн кары дебей, жаш дебей бардыгынын мамлекетке болгон сүйүүсү жана ага болгон кандайдыр бир майда болсо дагы салымы болушу керек.

Келечекте дагы бир ой-максаттарымдын бирин айтсам. Мамлекет үчүн салым кошуунун бир эле саясий жолу эмес, андан башка дагы түрлүү жолдору бар. Экономикада, маданиятта болобу, адабияттабы, бардык тармакта, чыгармачылык жактан дагы эмгек сиңирүүгө болот.

Мен өзүм республикалык төкмө акындардын “Айтыш” фондунун мүчөсүмүн. Ошол жакта он күн сайын машыгуулар болуп турат, ошол жакка барып катышып, бүгүнкү күндө Кудай берген өнөрдү тереңдеткенге аракет кылып жатам. Келечекте ошол жакта жакшы ийгиликтерге жетишсем деген оюм бар.

Мен ойлойм, бүгүнкү саясатта жасаган кадамдарыбыздан ал жерде бир кадам жасасак, чыгармачылык аркылуу келечекте биз эле эмес кыргыз эли дагы чоң тепкичтерге көтөрүлүп, ийгиликтерге жетишет.

Адабият жагынан жакшы ой пайда болду, аны ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатам. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын, Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романдарын, дагы башка жазуучулардын бир топ ыр-жыйнактарын, бардык чыгармаларын толугу менен электрондук вариантка өткөрүп, муну интернет баракчаларга киргизсек деген ой-максаттар бар. Мен ойлойм, бул өзүнүн чоң эффективдүүлүгүн көрсөтүп, жакшы жыйынтык берет.

-Адилет, маегиңизге чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз.
XS
SM
MD
LG