Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

18-апрелде парламентте Кыргызстан коммунистер партиясы менен СДП мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/02/9266170F-0784-4839-99C4-C1808F30825A.ASP жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорго каршы болушуп, “Ак жол” партиясын бул маселени шашпай карап чыгууга чакырды. Алар буга чейинки менчиктештирүү өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизгенин белгилешти. Кызуу талкуудан кийин “акжолчулардын” көпчүлүк добушу менен аталган мыйзам долбоору кабыл алынды. Маммүлктүн жетекчиси Турсун Турдумамбетов бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен замандын талабына ылайык алдыга коюлган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн билдирди.

Парламентте «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоодо Коммунисттер партиясынан депутат Бейшебек Акунов буга чейин мамлекеттик 7 миң 70 ишкана-мекемелер менчиктештирилип 15 млрд. сомго бааланса, анын 8,2 пайызы эле мамлекеттик казынага түшкөнүн эске салды. Анын айтымында, менчиктештирүнүн кесепетинен өлкөнүн экономикасы бүгүн «итке минип» отурат:

-Өткөн менчиктештирүүнүн эсебинен биздин өндүрүш 40 пайызга чейин төмөндөгөн. Айыл чарбасын түп-тамыры менен өлтүрдүк. Курулуш менен транспорт 11 эсеге чейин азайган болчу. Эми менчиктештирүүнү аягына чыгара турган болсок, эмнеге жеткиребиз?

Акунов белгилегендей аталган мыйзам долбоорун өкмөттүн «артынан жоо кууп келаткандай» шаштырып кабыл алууга кылган аракети, калган стратегиялык обьектилерди менчиктештирип, текейден арзан баага сатуу максатын көздөөдө.

Социал-демократиялык партиясынан депутат Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш мурда кабыл алган «2007-жылга чейин менчиктештирүү программасы» жөнүндө мыйзам боюнча менчиктештирилген 15 объект тууралуу эч кандай маалымат жоктугун белгилеп, депутаттарды бул маселени тыкат карап, шашпай чечим чыгарууга чакырды:

-Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөрдү киргизүү тескерисинче менчиктештирүү программасын көмүскөгө киригизип, элден жашырып, ачыкка чыгарбай жасалып жаткан өзгөртүү деп эсептеймин.

Отунбаева Социал-демократтар партиясы «Менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун» кабыл алууга каршы экенин билдирип, долбоордо көрсөтүлгөн «менчиктештирилген объектилер түз сатылат» деген пунктту таптакыр алып салууну сунуштады. Ал ошондой эле менчиктештирүү ачык-айкын жүргүзүлүшүн талап кылды.

Коммунисттер фракциясы дагы аталган мыйзам долбоорун колдобостугун, 16 жылдан бери менчиктештирүүнүн жыйынтыгы экономикага олуттуу терс таасирин тийгизгенин депутат Искак Масалиев белгиледи.

Мамлекеттик мүлк комитетинин жетекчиси Турсун Турдумамбетов мыйзам долбооруна каршы көз караштарын билдирген депутаттардын пикири менен макул болгон жок. Ал президент Курманбек Бакиевдин менчиктештирүүнүн өткөн этабынын жыйынтыгы бүткөнүн жана менчиктештирүүнүн процессин ылдамдатуу боюнча кайрылуусун депутаттардын эсине салды. Маммүлктүн башчысы бул багытта азыркы мезгилдин талабына ылайык иш жүргүзүү керектигин, аталган мыйзам долбоорунда алдыда коюлган маселелерди чечүү үчүн мыйзамдарды жакшыртуу жана юридикалык келишпестиктерди жоюу каралганын, бул экономикалык өнүгүүгө шарт түзөөрүн кошумчалады.

Натыйжада мыйзам долбоору тиешелүү комитеттин корутундусу жана айрым алымча-кошумчалар менен добушка коюлуп, «акжолчу» депутаттардын 65 добушу менен кабыл алынды. Ошондой эле бүгүнкү отурумда «Энергетика тууралуу» жана «Стратегиялык обьектилер» жөнүндө мыйзам долбоору да жактырылды.

Ал эми жарандык коомдор жогорудагы мыйзам долбоорлорунун кабыл алынуусунан улам өлкөдөгү ири энергетикалык тармактар, стратегиялык обьектилер жашыруун менчиктештирилип, эл байлыгынан кол жууп калуу коркунучу пайда болду деген кооптонууларын айтышууда.
XS
SM
MD
LG