Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Казакстанга болгон ырасмий сапары --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2C8AF248-0787-4BFF-BBF5-289A8940072B.asp аяктады. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушуп, андан соң Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынын өткөрүштү. Анда суу-энергетикалык ресурстарды сарамжал, майнаптуу колдонуу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана эмгек миграциясы маселесин бекемдөө аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелер каралды. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда алты документке кол коюлгандыгы маалымдалды.

Сапардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык кеңештин эки тараптуу кызматташтык маселелерин чечүүнү ылдамдатуу максатында казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңеш түзүлдү.

Аталган кеңешке эми эки мамлекеттин өкмөт башчылары төрагалык кылмай болду. Кечээ Астанада өткөн мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында инвестициялык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Кыргыз тараптан ырасмий делегациянын курамына кирген президент администрация жетекчиси М. Садыркуловдун айтымында, бул багытта, түзүлүп жаткан кыргыз-казак инвестициялык фондун тезирээк ишке киргизүү жана биргелешкен стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды:

-Расмий сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү кечээ өткөн. Бүгүн негизинен Фонд
боюнча маселе каралды. Анын жыйынтыгы боюнча казак тарап бизге түз инвестиция түрүндө 100 млн доллар берүүнү чечти. Шарт боюнча, бул каражат кайсы жакка жумшалат - аны Кыргызстан өзү чечет.


Казакстан Кыргызстанга түз инвестиция катары берип жаткан 100 млн доллар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшалбаса, анда өлкө мындан да оор экномикалык кризиске дуушар болоорун “Азаттыкка” экономист Айылчы Сарыбаев белгилеп өттү:

-Албетте бул каражат ишкана, заводдорду иштетүүгө жумшаласа, анда эки тарапка тең пайдасы чоң болот. Эгерде оюн-зоок, кафе, ресторан ачып иштетсе, анда казак ишкерлери гана пайда көрөт. Анын үстүнө биздин чиновниктерибиздин көбү казак ишкерлер менен кызматташат, ошондуктан бул 100 млн доллар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшалабы, же аны менен жеке кызыкчылыктар айкалышып кетеби - бул башка маселе.

Экономикалык маселелерден тышкары, ошондой эле, кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү шарттарын жеңилдетүү маселеси да каралды. Эми кыргызстандыктар Казакстандын аймагында каттоосу жок 90 күн жүрө алат. Буга чейин ал мөөнөт 5 күн болчу.

Миграция боюнча эксперт Жума Абдуллаев мындай макулдашууну чоң жетишкендик деп атады:

-Бул маселе буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп келген. Каттоо мөөнөтүнүн шарттары жеңилдетилгени абдан кубандырат.

Эки өлкөнүн лидерлери достук жана терең кызматташтык тууралуу жогорку деңгээлде бир катар документтерге кол коюп келгени менен, бул жаатта бир кыйла проблемалар бар экенин Ж. Абдуллаев кошумчалады:

-Мына ушундай мамлекеттик деңгээлде терең достук боюнча документтерге кол коюп жатышат. Бирок мындай алып караганда, ошол эле Алматы, Астанага барганда биздин жарандарга жасалган орой мамилеси байкалат. Маселен, жол полициясынын биздин айдоочуларга мамилеси, туристтик сезон маалында казак ММКларында Ысыккөл тууралуу жамандаган маалыматтары кетип жатышы, поезддерде мигранттарды текшергенин айтсак болот. Бирок биздин МАИ кызматкерлеринин казак жарандарына болгон мамилесин айтып жатып бет кызарат. Балким өчөшөбү, билбейм.

Казакстандын маалымат каражаттары бул сапар учурунда К. Бакиев менен Н.Назарбаев казак-кыргыз мамлелеринин тарыхында эң көлөмдүү биргелешкен билдирүүгө кол коюшкандыгын жазып чыкты. “Ага ылайык, - деп жазат “Хабар” агенттиги, -Астана менен Бишкектин мамилелеринин бекемдешин басаңдатып келген пикир келишпестиктерге чекит коюлду. Атап айтканда, Ысыккөл жээгиндеги эс алуучу жайлардын тагдыры Казакстандын пайдасына чечилди жана чегара маселеси боюнча талаштар калган жок”, деп билдирет агенттик.

Анткен менен, кыргыз коомчулугунун тынчын алган көл жээгиндеги төрт пансионаттардын казактарга берүү маселеси президенттердин жолугушуусу учурунда өзүнчө каралган жок, деп президенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” билдирди:

-Эки өлкө ортосунда союздаштыкты бекемдетүү маселелери комплекстүү түрдө каралды. Ал эми пансионаттар боюнча маселе атайылап, өзүнчө каралган жок.

Ал эми мурунку Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Ниязов төрт пансионаттын тагдырынын казактардын пайдасына чечилгендиги боюнча мындай пикирде:

-Бул маселе боюнча биздин бийлик эл менен кеңешпей, кылдаттык менен мамиле кылбай, өзү билгендей чечип койду. Бийлик менен элдин пикири такыр башка болуп жатпайбы, пансионаттардын берилишине элдин көбү нааразы.

Кыргыз-казак чегарасы жана төрт пансионат боюнча маселе коомдо кызуу талкууга алынып, катуу сынга алынган маселелерден эле.
XS
SM
MD
LG