Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

19:18 Нарын облусуна ай сайын 25-30 млн. киловатт саат электр кубаты аз берилет


Бүгүн Нарын облустук акимчилиги тутумдук отурум жыйын өткөрүп, анда быйылкы жылдын алгачкы чейрегинин жыйынтыкталышы талкууланды. Жыл башына карата электрге болгон дебитордук карыздын жалпы суммасы 495 млн. сомду түзсө, анын 465 млн. сому элге туура келет, же болбосо облустагы бир абоненттин карызы 7799 сомго барабар. “Көчүп кеткен”, “каза болгон” деген 127 абонентке иликтөө жүргүзүлгөндө 1 млн. 523 миң сом эч негизсиз, үстүртөдөн жалган жазылган. Алардын арасынан орун которгондор жана тирүү адамдар бар болуп чыкты, дейт облакимчиликтин бөлүм башчысы Рысбек Шалтаев. Ал эми Чыгыш электр акционердик коомунун башкы директору Рыскул Мухамеджанов облуска ай сайын 25-30 млн. киловатт саат электр лимит берилерин жана мынча лимит негизинен элдин эсебинен жабылаарын билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG