Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

20:05 Борбор Азияда бирдиктүү интернет сайт түзүлөт


17-18-апрель күндөрү Ашхабадда Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук азчылыктарына билим берүүдө маалымат технологияларды колдонуу боюнча атайын жумушчу топтордун жыйыны өттү. Бул жумушчу топтордун жолугушуусунун натыйжасында бир топ сунуштар кабыл алынды. Эң негизгиси - Борбор Азия өлкөлөрүндөгү улуттук азчылыктарга билим берүүдө маалымат технологияларын пайдалануу, алдыңкы тажырыйбаны ишке ашыра турган бирдиктүү, орток интернет сайтын түзүү жөнүндө чечимге келишти. Бул маалымат технологияларын сыналгы, үналгы, гезиттердин жардамы менен улуттук азчылыктарга алардын эне тилинде билим алуусуна колдон келген жардам көрсөтүү максатын көздөйт. Жыйынга катышкан кабарчыбыз Кубат Чекировдун айтымында, кыргыз тарапка эки жылдан бери талкууланып келген бирдиктүү, орток сайттын структурасын көрсөтүү милдети жүктөлгөн жана бул жолугушууда Кыргызстандан барган өкүлдөр “сайттын структурасынын маазмуну мындай болушу керек” деген сунуш менен чыккан. “Бирок бардык эле өлкөлөр муну кабыл алган жок. Түркмөнстандын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү муну бийлик менен макулдашыш керек деп ошол заматта эле кошулган жок”, деп кабарлады Кубат Чекиров. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG