Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши шашылыш жыйын чакыруу тууралуу Грузиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/114EC63A-ECB5-4C84-ABDE-1B483A2F6B8D.ASP өтүнүчүн эмдиги аптада талкуулашы мүмкүн. Бул маалыматты кеңештин учурдагы төрагасы, Түштүк Африка Республикасынын элчиси Думисани Кумало бышыктады. Жакында Тбилиси Россияны “грузин аймактарын аннексиялап алганы жатат” деп айыптап, Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылган эле.

Грузиянын кайрылуусун Коопсуздук Кеңеши ырасмий түрдө комментариялаган жок. Болгону кеңешке ушу тапта төрагалык кылып жаткан Түштүк Африканын элчиси Думсани Кумало кайрылууну алганын, документ таркатылып берилгенин, маселе дүйшөмбү күнү талкууга салынышы мүмкүн экенин билдирди.

Төраганын сөзүн Британиянын элчиси Жон Соерс да бышыктады.”Кавказдын түштүгүндөгү кырдаал айрым бир кооптонууларды пайда кыла баштады. Кайрылууну кунт коюп карап чыгышыбыз керек, буга биз эмдиги аптада киришебиз”, - деп айтты британ элчиси.

Россиянын президенти Владимир Путин өткөн аптанын башталышында Абхазияга жана Түштүк Осетияга байланыштуу айрым чараларды көрүүнү өкмөткө табыштаган эле. Кеп баарыдан мурда таанылбаган эки республиканын бийлик органдарында берилген документтерди Россиянын аймагында легалдаштыруу туурасында болуп жатат. Мындан тышкары Москва Абхазияга каршы жарыяланган экономикалык санкциялар режиминен өткөн айда чыккан эле.

Бул кадамдардын баарын абхаздар менен түштүк осетиндердин бийликтери алардын “көз карандысыздыгын” Россиянын чала-чарпыт болсо да тааныганы таризде кабыл алышты. Грузия болсо аталган эки аймакты Москва аннексиялап алганга киришти деп эсептеп, Улуттар Уюмуна, Евросоюзга, НАТОго жана башка абройлуу уюмдарга кайрылды.

АКШ, Евросоюз жана Түндүкатлантика альянсы Грузиянын позициясына колдоо билдиришти. НАТОнун өкүлү Жеймс Аппатурай Москваны кабыл алган чечимдеринен баш тартууга чакырды.

Бул талаштын арты эми кандай натыйжаларга алып келиши ыктымал?

Тбилисилик саясий аналитик Петр Мамрадзе Москванын кадамдарын грузин жетекчилерин жооп кайтарган аракеттерге түрткөн тукурук деп баалады. “Иш жүзүндөгү кырдаалга келсек, Абхазия менен Түштүк Осетияны көптөн бери эле Кремл башкарып келатат. Соңку кадамдар болгону ошол абалды формалдаштырат”, - дейт Мамрадзе.

Грузин парламентинин депутаты Нино Накашидзе Россия бул эки аймакта өзүнүн легалдуу бийлигин орнотконго аракеттенип, абхаздар менен түштүк осетиндерге орус жарандыгын жана паспортун берип жатканын белгиледи. ”Муну менен Москва өз жарандарын коргоп жатканын айтып, актанганга негиз түзгүсү келет. Андай болсо россиялык бейпилдик күчтөрү бул жаңжалда бейтарап күч болбой эле, өз жарандарын коргоп жаткан турбайбы? Бу сыяктуу эки ачакей ыкмалар Москвага адатка айланды. Ал эми Путиндин соңку тапшырмалары суверендүү башка өлкөнүн ички иштерине тикелей кийлигишүү болуп саналат”, - дейт Накашидзе.

Москвалык эксперт Дмитрий Бабич Россиянын аннексиялык пландарына ишенбейт. Кремлдин соңку кадамдарын ал Грузиянын НАТОго мүчө болуу мүдөөсү менен байланыштырат. “Бир жагынан не Евросоюз, не АКШ Грузиянын территориялык проблемасын чечүү үчүн аскер жибергенге дегеле ниети жок. Экинчи жактан, Грузияны колдоого алуу аракети Батышта күч албаса, басаңдабайт. Андыктан абхаз жана түштүк осетин проблемасы Москва менен Батыштын ортосунда өзүнчө эле Гордийдин түйүнүнө айланып,аны чечкени дагы далай жыл керек болушу мүмкүн”, - дейт Бабич.
XS
SM
MD
LG