Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө алып баруучу мыйзам базаларын аныктоо апта бою Жогорку Кеңештин “башын ооруткан” негизги маселе болду. Өкмөттүн төрт долбоору комитеттерде, фракцияларда талкууланып, алардын үчөө жума күнкү жалпы жыйында “Ак жол” фракциясы түзгөн көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Тагыраак айтканда, парламент “Энергетика жөнүндөгү”, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” жана “ Стратегиялык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/931F9CDD-55D9-4800-9403-6BF54BBC6EC3.asp объектилер жөнүндөгү” мыйзамдарды кабыл алды.

Парламент жума күнү көпчүлүк добуш менен кабыл алган “Энергетика жөнүндөгү” мыйзам аркылуу электр кубатын товар катары тааныды. “Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү” мыйзам стратегиялык маанидеги обьектилердин коопсуздугун коргоого алууга негиз түздү. Ал эми “Мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам стратегиялык деп саналбаган обьектилерди ишке ашыруу жараянынан парламентти четтетти. Муну Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов өкмөттүн жоопкерчилигин жогорулатуу максаты менен түшүндүрдү:

- Майда-барат иштин баарын эле Жогорку Кеңешке алып барып, силердин да убактыңарды албай, биз ыкчам иш жүргүзөлү деп атабыз. Жоопкерчиликти өкмөт өз мойнубузга алалы деп атабыз.

Турсун Турдумамбетов менчиктештирүүдө парламенттин уруксатына муктаж стратегиялык тармактардын катарына стратегиялык темир жол, газ түтүк куурлары, улуттук электр тармактары, электр станциялары, Токтогул каскады кирерин белгиледи. Мамлекеттик мүлк комитетинин маалымдашынча, ушу күнгө чейин мамлекеттик обьектилердин 70% менчиктештирилди. Учурда 86 акционердик коомдо мамлекеттин үлүшү бар. Жалпысынан менчиктештирилери күтүлгөн обьектилердин эсеби чыгарылып бүтө элек.

Өкмөттүн менчиктештирүүнү өз карамагына алып жатышын жактабаган депутаттардын бири, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алишер Сабиров бул Конституцияга каршы келерин эскертти:

- Конституцияда мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы эл деп жазылган. Менимче мамлекеттин менчигин берүү кыргыз элинин укугуна кирет. Элдин атынан президент менен парламент чыга алат. Экинчиден, 58-берене боюнча менчиктештирүү программасын бекитүү биздин укукка кирет. Ошентип, Конституциянын эки негизги, принципиалдуу мыйзамдары бузулуп жатат.

Жогорку Кеңештин долбоорду жалпы жыйынга сунуштаган өнөр жайды өнүктүрүү, соода, туризм, бизнес, транспорт байланыш, курулуш, архитектура боюнча комитетинин төрагасы Улугбек Ормоновдун айтымында, долбоор тиешелүү тармактар менен акылдашылып, башка мыйзамдарга ылайыкташтырылган:

- Жалпы кыргыз элин кызыктырган, жалпы кыргыз элинин менчиги болгон энергетика тармагы Жогорку Кеңешсиз чечилбейт деген норма так жазылып турат. Муну Курманбек Салиевич да тактап айткан, генерирующийлер сатылбайт, мамлекеттин менчиги бойдон калат деп. Комитеттеги толуктоолор ушул кызыкчылыкты коргойт. Өкмөттүн калган обьектилер үчүн жоопкерчиликти алганы дагы бир чоң сыноо деп ойлойм. Көзөмөл функциябыз бар. Комитеттин атынан өкмөттүн отчетун укканда ушул маселелерди сурап алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.



Менчиктештирүүнү өкмөт парламентсиз ишке ашырууга киришип жатышына азыркы бийлик курамында кадырэсе көрүнүш катары карагандар жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө арбын жолугууда. Бул адатта президент Курманбек Бакиев башында турган өкмөт менен андан өнүп чыккан партия ээлеп отурган парламент ортосунда принципиалдуу айырмачылык жок экендиги менен түшүндүрүлүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашев өкмөттүн бул кадамын менчиктештирүүдөн парламентти сүрүп чыгаруунун сыпайы жолу катары баалады:

- Өкмөт муну сурап деле, сурабай деле жасай берет. Анткени баары “Ак жол” болгондон кийин өкмөттү баарыбир колдошот. Бирок парламентти чыгарып койгонунун бир гана себеби болуп атат, маалыматты элге жеткирүүгө кызыкдар эместиги. Кечээ укук коргоочуларды залдан кууп чыкпадыбы. Ошондой эле өкмөт парламентти кууп чыгуунун жакшы формасын таап алган.



Анткен менен, Коммунисттер фракциясы Жогорку Кеңештин менчиктештирүү жараянынан чыгарылып салышын саясий туура эмес кадам деп баалап, бул долбоордун кабыл алынышына каршы чыгышты. Фракция жетекчиси Искак Масалиевдин көз карашында, долбоор менчиктештирүүнү өкмөт өзү каалагандай жүргүзүүгө ыңгайлашып жазылган жана менчиктештирүү усулу алынып салынган. Масалиев элдин, мамлекеттин тагдырына байланышкан мындай маселени шашпай кеңири талкуулап чечүү керек эле деди парламентте сүйлөгөн сөзүндө:

- Себеби менчиктештирүү КМШнын көп өлкөлөрүндө тескери жол менен баратат. Мамлекеттик менчикти сатуу көп өлкөлөрдө жакшылыкка алып келген жок. Балким мамлекет катуу көзөмөлгө алган Беларусия кирбейт мындайга. Ал жерде система сакталып, рынок экономикасына ырааттуу кирүү бар. Кытайда да менчиктештирүү жараяны жүрүп атат, бирок мамлекеттин катуу көзөмөлүндө рынок шартына өтүп, ошол эле мезгилде социализмдин жеңиштерин сактап калып атат.

Масалиев менчиктештирүүнүн буга чейинки акыбалын тергеп-тескеп чыкпай туруп, аны мындан ары улантуудан майнап чыгарына дегеле ишенбейт. Анын партиялашы Бейшебек Акунов бийликти өткөндөн сабак албай жатат деп сындады:

- Ушу күнгө чейин биз 7070 ишкана-мекемелерди менчиктештирип, наркын 15 млрд деп санадык эле. Мамлекеттин чөнтөгүнө ошондон 8,2% түштү. Ошонун эсебинен мына бүгүн “итке минип” отурабыз. Эми азыр ошо менчиктештирүүнү кайра артыбыздан жоо кууп келаткандай баштап атабыз. Бул калган стратегиялык обьектилерди саталы дегендикке жатып атат. Өткөн менчиктештирүүдөн биздин өнөр жай 40%ке түшүп кеткен. Айыл чарбасын таптакыр “өлтүрдүк”. Курулуш менен транспорт 11 эсеге азайды.

Коммунисттердей эле көз карашты тутунган социал-демократтар фракциясы мыйзамдарды күчкө салып кабыл алдырып жатышын энергетика тармагын чукул арада менчиктештирүүгө өкмөт кызыкдар экендиги катары кабылдоодо. Депутат Роза Отунбаева менчиктештирүү боюнча маалыматтар чектелип, ачык-айкындык жок болуп жаткандыгына тынчсызданды:

- Мына 21-беренеде соодалашуу боюнча маалымат деп атасыз. Эмне сатылгандыгы, кайсы көлөмдө экени, мекеменин статус-квосу тууралуу эч маалымат жок. Бул маселени беренеден эмнеге алып салдыңар? Бул элдики го, ар кимибиздин менчигибиз эмес. Ошондой эле сатуу усулдары ар бир мекеменин статусу тууралуу мурунка мыйзамда айтылган эле. Бул маанилүү болчу. Эреже катары да, юридикалык жагынан да муну да жокко чыгарып атасыңар. Башкача айтканда өзүмбилемдик болуп атат.

Парламентти менчиктештирүүдөн четтеткен бул мыйзамды кабыл алууга Жогорку Кеңеште азчылыкты түзгөн Социал-демократтар жана Коммунисттер фракцияларынын каршылыктары олуттуу терс таасир бере алган жок. Атүгүл тууралуу СДП мүчөсү Осмон Артыкбаевдин 14-беренедеги аталган жобону добушка коюу аркылуу алдыруу аракетинен майнап чыгара алган жок.



Менчиктештирүүгө байланышкан мыйзамдардын айланасындагы жараяндарга апта бою байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар болсо өкмөттү да, парламентти да элге каршы саясат жүргүзүп жатат деп сындап жатышат. “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова “Азаттык” менен ой бөлүштү:

- Бул элге каршы, жырткыч саясат болуп атат. Биз айтып атабыз, реформа жасагыла, бирок ага ачыктык, жоопкерчилик керек деп. Анан Жогорку Кеңешсиз сатам деп атпайбы. Бул менчиктештирүү эмес эле, келишүүчүлүк болуп калат. Президент казакстандыкпы, орусиялыкпы ишкер менен өзү чечим чыгарат да, элдин иши жок болот экен.

Укук коргоочулар өкмөттүн менчиктештирүүгө чукул аракеттеринин артында жеке кызыкчылыктар болуш ыктымалдыгын да жокко чыгарышкан жери жок. Булардан айырмаланып, “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын автору, экс-депутат Тайырбек Сарпашев Кыргызстанда менчиктештирүү саясаты ашкере ыкчам жүрүп жатат деп эсептебейт:

- Энергетиканы менчиктештирүү 98-жылы башталган да. Президент, өкмөт, парламент чечкиндүү болгондо 2001-жылы бүтүп калмак. Биз менчиктештирүүнү чоюп ийбедикпи. Андан бери менчиктештирүүнүн жолдору да өзгөрдү. Жалаң эле инвесторлор эмес, кооперативдик жолдор, элге, айыл өкмөттөрүнө , жергиликтүү башкарууга өткөрүү деген чыкты. Биз болсо арабанын эски дөңгөлөгүндөй болуп эле баратабыз.

Сарпашев менчиктештирүүнүн энергетикалык обьектилерден баштала турган келерки этабы өкмөттүн дараметинен көз каранды дейт.

- Эгер коррупция күчөп, энергобарондордун колуна түшө турган болсо, анда энергетиканын кыйрашына алып келет. Анда бөлүштүрүүчү компаниялар эле эмес, ГЭСтерден да, башкалардан да айрылабыз.

Экс-депутаттын баамында, өкмөт бир нече маселени бир учурда чечүүгө аракет кылып жатышы жараянга тескери таасир этиши мүмкүн. Муну ал төрт башка жүгү бар олуттуу мыйзамдардын парламенттен бир учурда өткөрүп жатышы менен байланыштырды.

Менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдан тышкары жума күнү парламент кабыл алган “Энергетика жөнүндөгү” мыйзам электр кубатын товар катары тааныды. Көз карандысыз талдоочулар мындай кадам элдин жоопкерчилигин бир тараптуу күчөтүп, электр кубатын сатуучу тараптын үстөмдүгүн арттырып жиберет деп чочулашууда. Эми парламенттин алдында Энергетиканы өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки программасынын долбоорун кабыл алуу милдетти турат. Менчиктештирүүгө бийликтин тикеси менен туруп киришип жатышын көз карандысыз байкоочулар тышкаркы инвесторлордун өкмөткө коюп жаткан шарты менен байланыштырышып, бул Кыргызстандын элине пайда алып келерине ишенбей турушат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG