Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

14:10 Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз кесиптик кошуну ишин кайра жандантты


Бул уюмдун иши эки жыл мурда токтоп калган эле. Анын төрагасы Азамат Калман муну каржылык себептерге байланыштырды. Уюм эми кайра ишин жандандырып, анын келечеги, кандай иштерди жүргүзүү керектиги жана журналисттердин ишмердигине байланышкан маселелерди талкуулаган эки күндүк жыйын өткөрдү. Жыйын бүгүн соңуна чыкты. Азамат Калмандын айтымында, соңку жылдарда журналисттердин эмгек укугуна байланышкан бир топ маселелер падай болгон. Маселен, эмгек келишимдерин түзүүдө маселелер бар, көпчүлүк жаш журналисттер өз укуктарын билбегендиктен кызыкчылыктарын мыйзам чегинде коргой алышпайт. Сурамжылоо учурунда айрым журналисттер ММК жетекчилери материалдарды калыс чагылдырууга мүмкүнчүлүк беришпестигин айтышкан. Аймактарда болсо эмгек акынын аздыгы жана иштөө үчүн заманбап шарттын жоктугу сыяктуу маселелер бар. Кошундун өкүлдөрү эми өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү маалымат каражаттарындагы абал, эмгек жамааттарындагы жогорудагыдай көйгөйлүү маселелер менен таанышмакчы жана аларды чечүүгө юридикалык жактан жардам берүү аракетин көрөт.Ошондой эле аймактарда кесиптик кошундун баштапкы уюмдарын түзөт.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG