Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

18:31 Таластык дыйкандар айыл-чарба багытындагы кредиттерди алуу барган сайын оорлоп жатканын айтышууда


Мындай көйгөй бүгүн Талас облустук фермерлердин жетинчи конференциясында айтылды. Карабуура районуна караштуу Бакыян айылынын тургуну, дыйкан Марат Иманкулов өкмөт тараптан берилип жаткан кредиттер, тракторлор жана башка жардамдар туура эмес таратылып, колунда жокторго берилбестен, мурдагы эле алып жүргөн байлар алууда дейт. Аталган жыйында кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссияга карапайым фермер, дыйкандардан кошулсун деген сунуштар айтылды. Облустук кредиттерди бөлүштүрүү жана таратуу фондусунун башчысы Канат Нартаевге кайрылып, жогорудагы көйгөйлөр тууралуу сураганыбызда “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты. (UA)

XS
SM
MD
LG