Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

АКШ МОСКВАНЫН СЕПАРАТИСТТИК ЖУМУРИЯТТАР МЕНЕН ЖАКЫНДАШУУ ПЛАНДАРЫНА ТЫНЧСЫЗДАНАТ


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Москванын Түштүк Осетия жана Абхазия менен алакаларын күч алдыруу пландарына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана грузин президенти Михаил Саакашвили менен телефон сүйлөшүүсүндө Райс Вашингтон Грузиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/057C8BE7-A421-4EFE-A288-982A9A81AF4F.asp аймактык бүтүндүгүн колдойт деп белгиледи. Тбилиси Москванын кадамын Грузин аймактарын аннексиялап алуу аракети катары баалады.

-Биз президент Путиндин буйругуна абдан тынчсыздануудабыз. Мен жума күнү орус тышкы иштер министри, алдынкы күнү президент Саакашвили менен сүйлөштүм. АКШ Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Абхазия жана Түштүк Осетия маселесин чечүү үчүн Грузия сунуш эткен долбоорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүшү керек деп ишенебиз, - деп билдирди жума күнү Райс.

Ошол эле күнү кечинде Вашингтон Москваны Грузиянын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүмдүгүн колдоого, 16-апрель күнкү көрсөтмөсүнөн баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Шон Маккормак маалымдады.

Шаршембиде орус президенти Владимир Путин өкмөткө Абхазия жана Түштүк Осетиянын бийликтери кабыл алган кээ бир документтерди таанууга жана сепаратисттик эки жумурият менен алакаларды күч алдырууга тапшырма берген.

АКШ менен катар НАТО жана Европа биримдиги президент Путинге кайрылып, Грузиянын курамындагы эки сепаратисттик жумурият менен мамилелерди мыйзамдаштыруу буйругунан баш тартууга чакырышты.

Тбилиси Москванын кадамын Грузин аймактарын аннексиялап алуу аракети катары баалады. Ошол эле маалда Россия Грузия менен почта байланышын калыбына келтирүү жана виза чектөөлөрүн алып салуу ниети жөнүндө жарыялады.

-Эки өлкө ортосундагы каттамды калыбына келтирүү чечиминен тышкары эң жакынкы арада почта байланышы кайра иштей баштамакчы. Виза чектөөлөрдү алып салуу тапшырмасы берилди жана тараптардын адистери грузин продукциясын орус рыногуна жеткирүү маселесин талкуулашмакчы, - деп маалымдады жума күнү орус тышкы мекемесинин расмий өкүлү Михаил Камынин.

Бирок Маккормак мындай чаралардын 16-апрель күнкү көрсөтмөлөргө тиешеси жок деп эсептейт.

Москва Абхазияга каршы киргизилген экономикалык жана аскерий санкцияларды бир тараптуу түрдө күчүнөн кетирип салган, - деп белгилеген Маккормак бул – региондогу тынчтык процессине шек келтирет деди.

НАТО менен Европа Биримдигинен колдоо издеп Брюсселге барган Грузиянын вице-премьер-министри Гиоргий Барамидзе Россия “кызыл чектен ашып кетти” деп ырастады.

18-апрелде Грузиянын парламент спикери Нино Буржанадзе Москва Абхазия жана Самахаблону (Түштүк Осетиянын байыркы грузин тилиндеги аталышы) иш жүзүндө аннексиялап алууну мыйзамдаштырганы жатат деп айыптады:

-Эларалык нормалар жана юридикалык принциптер бузулуп жатат. Мындай кадамга Абхазия менен Самахаблого бейпилдик күчтөрүн жайгаштырган өлкө, жаңжалда арачы милдетин аткаруу жүктөлгөн тараптын барып жатканы өзгөчө ачууну келтирет.

Тбилиси Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйныын өткөрүүнү суранды. Жыйын эмки жуманын башында чогулушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG