Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн бул жолку мейманы - жаш манасчы, ырчы, дастанчы, республикалык, эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисти Самат Көчөрбаев. Жаш манасчы менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

- Самат мырза, бүгүнкү өзүң теңдүү жаш манасчылардан айырмаланып ыр да ырдайсың, дастан, “Манас” айтасың. Өзүңдүн алгачкы чыгармачылыгыңды “Манас” айтууданбы, же ыр ырдоодон баштадың беле?

- Алгач мектепте окуп жүргөндө анча-мынча кечелерде ырдап жүрдүм. Эбепке-себеп болуп 5-класстан тартып “Манас” айтып калдым. Искусство институтуна тапшырып манасчылык өнөр менен кошо Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан окуп, дастан айтканды үйрөндүм. Ал эми комузду айылда мектепте 10-11-класстарда окуп жүргөндө черте баштадым. Анда эмесе азыр акын Какен Алмазбековдун “Кыргыз көчү” деген ырын аткарып берейин.

Таасири күүнүн керемет,
Тартылып көзгө не келет.
Жыдытып бүткүл жандыкты,
Ой, тоону түгүл жаркытып,
Обол кез анда келе элек,
Жанчылып өткөн күндөр а,
Жашырып жапкан не керек,
Азыраак ырдап өтөйүн
Анда биз кандай эл элек.

Канаттуу мезгил турабы,
Катарлап кылым чубадың,
Ансайын улам күч алып,
Азапты азап уладың
Кан жыттуу ошол заманда
Канчалык элди сурадың,
Кана айтчы кайсыл ханыңдын
Кайгысыз өткөн сурагын,
Ошол боздоп жатпайбы
О, чиркин үч кыл мынабу
Ашууда канча мал калды,
Аталбай канча жан калды
Көз көргөн менен кантесиң
Хан деген ханга тик басып,
Каяша айтчу жан барбы,
Баргын деп жатса хан Байтик
Жөө-жалаң эптеп жетелеп
Жөткүрткүң кемпир-чалдарды
Чиркин ай жөн турбай
Ошону боздоп жатпайбы
О чиркин үч кыл мынабу.


- Эми Самат мырза, эл алдына алгачкы жолу “Манастан” айтып чыккан үзүндүдөн айтып берсең?

-Чубак менен “Алманбеттин чатагынан” үзүндү

Ээ, ээ ойон Алман баатырың,
Ошол жерге келгенде,
Не болдуңар дегенде,
Ой, Манас, ой, Манас,
Айтпасаң да билинди.
Анкоосунбай ой, Манас
Карап турсам капырай
Кан корук жайма-жай
Каңгырган элдин шору экен
Калкынан калган кор экен,
Кайышкан элдин шору экен.


- Самат мырза, азыркыдай “Манас” айтып калышыңа эмнелер себепчи болду? Түш көрүү менен айтып калдыңбы, же бирөөлөрдөн таалим алдыңбы?

-Негизинен “Манас” айтып калышым таасирленүүдөн, таалим алуудан болду деп ойлойм. Мектепте окуп жүргөндө “Манас” сабагы кирүүчү. “Манас” сабагынан Асанкан Жуманалиев деген агайым сабак берчү. Баарыбызды “Манас” айттырчу. Алгач айылда 4-5 аксакал отуруп калса да, же мектепте чогулуш болуп калса да, курбу-курдаштарымдын арасында деле кыйнап “Манас” айттыра берчү. Ал кезде эмне үчүн көпчүлүккө айттыра берет деп түшүнбөпмүн. Көрсө агайым такшалсын, эл алдына чыкканда уялбай сахнага көнсүн деген экен. Менин “Манас” айтып калышыма Асанкан агайым себепчи болду деп эсептейм.

- Эми мектепте окуп жүргөндө “Манастан” кайсыл үзүндү айтып жүрдүң?

-Мектепте окуп жүргөндө “Манас менен Коңурбайдын сайышын” , “Алмамбеттин окуясын” айтып жүрдүм. Эми ошол “Манас менен Коңурбайдын сайышынан” бир үзүндү айтып берейин.

Ээ, ээ ошондо Манас
Муну айтып,
Кечээ калмактын ханы бул эле
Кыргыздын ханы мен элем,
Кезегин муну бербесем
Кекеткендей боломун
Жообун мунун бербесем
Жолоогондой боломун
Кезеңип ал калмак деп
Кашатка турду хан Манас
Качырып сайды Коңурбай
Кайкайбай койду эр Манас
Капталдан сайды Кабылан
Кайышпай койду Коңурбай.
Алмак-салмак сайышып
Айкырып кулак тундуруп,
Коңурбай, Манас ошондо
Чиркин алтымыш найза сындырды
Бээжиндеги калмактын
Көп экенин көрдүңбү?
Белгилүү тууган Коңурбай
Шер экенин көрдүңбү?
Калкамдын кара аты
Чаткаяк кууш чама сан
Чалкасынан кетчүдөй
Тегинен булут турганы
Эми кулап кетерде
Чиркин Манас жетээрде
Колундагы зулпукор
Кармап Манас калганы
Коңурбайдын сыр найза
Найза сынып жоголду
Ачып көздү жумганча
Баатыр Манас...


- Ырахмат Самат мырза. “Манас” үч иликтин ичинен кайсыл манасчынын вариантын айтасың, же өзүңдүкүбү?

- Негизинен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантын айтам. Анан анча-мынча башка манасчылардын да варианттарын кошуп айтам. Ошондуктан топтолгон вариант десем да болот. Ошондой болсо да негизинен Саякбай Каралаевдин вариантын айтам.

- Самат мырза соңку кезде четөлкөлүк угуучулардын арасында “Манас” айта баштадың. Алар “Манасты” кандай кабыл алышат экен?

-Россиядагы Калмакстанда, андан соң 2006-жылы Кытайдын Тайван өлкөсүнө барып “Манас” айтып келдим. Баардыгынан таңкаларлыгы биздей болуп музыкалык аспаптын коштоосуз ар түркүн обонго салып чеги жок дастанчылар жокко эсе экен. Мен “Манасты” айтып жатканда таңкалышып, суктанып угушканы айтып жаткан окуянын образын ачып бергендиктенби деп ойлойм. Өзгөчө ымдоо-жандоо, үндүн тембри, обондуулук менен айтылганына бейтааныш угуучулар таң калат экен.

-Ошол бейтааныш угуучуларга “Манастын” кайсыл үзүндүсүн айттың?

- “Семетейдин Сарытазга жолукканын” арабдарга айтып бердим. Алар аябай таң калуу менен угушту.

- Рыспай мырза жаш манасчы Самат азыркы кездеги “Манас” айтып жүргөн кесиптештеринен кандай айтуучулук өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат, жеке оюң?

- “Жер көркү төрө жаз, желпинет кыздар наз менен. Жеринен мыкты жигитке жетимиш өнөр аз” дегендей Саматтын өзгөчөлүгү ушунда, ал “Манас” айтуу менен бирге обондуу ырларды ырдап, дастан аткарып жүрөт. Мына ошого дитин койгондуктанбы, же табиятынанбы обонго Саматтын табити жакшы. Ошол себептен “Манасты” ар кандай обондо кубултуп, обондун, үндүн кыймылын өзгөртүп айтуу ыкмасын Самат жакшы өздөштүргөн. Мына ушундай касиеттери менен Самат башка манасчылардан айырмаланып турат, - дейт белгилүү манасчы Рыспай Исаков.

- Самат мырза, мына Рыспай айткандай “Манас” менен бирге дастан да айтат экенсиң. Азыркы айта турган дастаныңдын атын атап угуучуларга аткарып берсең?

-Акын Накен Алмазбековдун “Он үч жашаар баланын арманы” деген дастанынан 30 жылдан кийин баланын атасына жазган катынан айтып берейин.

Биринчи катка жолдогон
Ата сиз жактан жооп болбогон,
Кейитип кээде укчумун да
Болду деп оңбогон бала
Абийрин төгүп эл журтка
Келгин деп мени зордогон
Кеткенсиң түйүп куйрукту
Ата танбастан ушул жоргону
Ата танбастан ушул жоргону.
Отуз жыл өттү арадан,
Сен жоксуң бизге караган
Арагың менен аялдардан
Артык деп жүрдүң баладан
Сагынып ыйлап кат жазган
Сагынычың эбак тараган
Алпештеп багып атабыз
Бизди адамзат кылды жараган
Бизди адамзат кылды жараган.
Кырк үчкө келдим курагым
Бишкекте ишим турагым.


-Ырахмат, Самат мырза. Өнөрүң өркүндөй берсин.
XS
SM
MD
LG