Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев Казакстанга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/04B7C584-7E69-4DA8-871D-B4DDC68BB243.asp расмий сапар жасады. Ал эми парламент менчиктештирүүнү өкмөттүн колуна өткөрүп берди. Ошону менен катар электр энергиясын товар катары тааныган мыйзам кабыл алды.

17-18-апрелде президент Курманбек Бакиев Казакстанда расмий сапар менен болду. Сапар учурунда кыргыз-казак мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин жыйыны өткөрүлүп, бул Кеңештин болжогон максаттарды ыкчам турмушка ашыруу үчүн өкмөттөр аралык кеңеш түзүлө турган болду. Аны эки өлкөнүн премьер-министрлери жетектейт. Андан сырткары сапардын жыйынтыгы катары Казакстандын буудай экспорттоого киргизген чектөөсүн Кыргызстанга карата алып салып, 50 миң тонна буудай сатуусу, кыргыз мигранттарынын 90 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү жана Жалалабаттагы мунай иштетүүчү заводко чийки мунай берүүгө казак тараптын макулдугу аталууда. Президент Курманбек Бакиев өзү сапардын жемиштүү болгонун билдирди.

Ал эми мурунку тышкы иштер министри, азыркы кезде “Акыйкат үчүн” кыймылдын төрагасы Аликбек Жекшенкулов президенттин Астана сапарына мындай баасын берди:

-Кыргыз-казак мамилеси көп жылдан бери, кудайга шүгүр, жакшы болуп келаткан. Акыркы жылдары болсо абдан чоң маанилүү нерселер, тилекке каршы аткарылган жок. Сиз белгилегендер туура. Бирок ал Казакстандын мүмкүнчүлүгүнө караганда майда нерселер. Былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга инвестиция салуу үчүн 100 миллион доллар берилиши мүмкүн деп айткан. Ошол нерсе сапарда айтылган жок. Менин түшүнүгүмдө бул маселе чечилген жок. Бул сапарда ушул эң чоң, конкреттүү долбоор чечилет деп ойлогон элем. Тилекке каршы бул маселе чечилген жок. Андан сырткары Казакстан Кыргызстандан картошка алууга тыюу салган. Бул чечим акыркы кезде кабыл алынды. Бул маселе да чечилген жок. Ал эми мигранттардын 90 күн каттоосуз жүрүүсү мурун эле сүйлөшүлгөн жана анда эч кандай проблема жок эле. Анын үстүнө бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча Кыргызстандан Казакстанга барабыз деген мигранттардын агымы токтоду.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Борбор Азия Биримдигин түзүү аракети натыйжасыз, Кыргызстан менен Казакстан биргелешип түзгөн структуралардын иши байкалбай жатат.



Мурунку өкмөт башчы, социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев болсо, Кыргызстандын Казакстан менен тыгыз мамилени кармап туруусу зарыл деп эсептейт:

-Негизи мен ойлоп турам, бизге Казакстан менен мамилени түзүп, ошону кармап туруу керек. Нурсултан Абишевичтин Кыргызстанга мамилеси абдан жакшы. Туугандык мамилеси бар. Ошону унутпашыбыз керек. Биз кээде тез эле унутуп коебуз. Мисалы өткөн жылы Кочкордо, Баткенде жер титирегенден кийин Назарбаев бизге 1.5 миң тонна буудайды бекер эле жөнөтүп койгон. Кенен киши. Ошондуктан мен ойлоймун, мындай сапарлар болуп туруш керек. Бирок чегара жана башка маселелерди мындай сапарга даярдабаш керек. Андай маселелер шашпай чечилиш керек. Биздин парламенттеги фракция мына ушул өңүттөн сүйлөп, жер маселесин сапарга такабай, шашпай караш керек деп чыкты.

Кыргыз-казак мамилеси боюнча, белгилүү саясат таанучу Валентин Богатырев бир катар суроолор менен кайрылдык эле. Анын жооптору жана суроолор төмөндө:

“Азаттык”: --Валентин мырза, президенттин Казакстанга сапарына кандай баа бересиз? Мамлекет башчысы өзү сапардын жемиштүү болгонун айтса, кээ бир эксперттер айрым маселелер талкууланбай калганын белгилөөдө?

В.Богатырев: -Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу айта турган болсок, анын эки маанилүү жагы бар. Анын бири - Кыргызстан үчүн маанилүү болгон күндөлүк маселелердин дан, мунай, инвестиция маселелерин чечүүнүн жолго салынышы. Ал эми экинчи жагы, ал менин оюмча, биринчиге карагандай маанилүү. Ал Борбор Азия Биримдигинин алгачкы пайдубал ташынын коюлушу.

Менин оюмча, эки президенттин Биримдикти түзүүдө биргелешип аракеттенебиз дегени сапардын маанилүү жыйынтыгы болуп турат. Биримдиктин өзөгүн азыр эки мамлекет түзө баштаганы маанилүү. Бара-бара ага Тажикстандын кошулушу мүмкүн. Ошентип Борбор Азия Биримдиги курала берет.

“Азаттык”: --Эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрүп келген эки маселени Кыргызстан чечти. Бул маселелер Казакстан үчүн жагымсыз жагдай болуп келгени белгилүү. 2001-жылдан бери ратификацияланбай келген чегара келишиминин ратификацияланышы, пансионаттар маселесинин чечилиши Казакстандын Кыргызстанга мамилесинин өзгөртүп, Астананын Бишкек менен натыйжалуураак иштешине, шарт түзүүсүнө алып келеби? Казакстан саясатында жакшы жагына өзгөрүү болобу?

В.Богатырев: -Менин оюмча болот. Бирок биз бардык маселеге өзүбүз жактан, Кыргызстандан карап көнүп калганбыз. Мен Казакстан жана Өзбекстандагы коллегаларым менен көп жолугуп турам. Сырттан бизди карагандарга биз таңкалыштуу таасир калтырабыз. Мисалы, биздин бир өкмөтүбүз келишимге жетишет. Андан кийин ал өкмөт алмашып кетет. Бир президент макулдашууга жетишет, экинчи президент келип калат. Ошону менен биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди, убадаларды аткарбайбыз.

Биз Казакстан жана Өзбекстанга ушул жагыбыз менен өтө таңкалыштуу өнөктөшпүз. Ошолордун ичинде чегара, пансионаттар келишимдери боюнча да таңкалыштуу өнөктөш болуп келгенбиз. Анткени буга чейин алар боюнча келишимге жетишилген. Бирок жылдар бою аткарылбай келген. Ошондуктан алар бизге жылуураак мамиледе болот десек да болот, бирок алар Кыргызстан мамиле түзүүгө, иш жүргүзүүгө мүмкүн боло турган нормалдуу мамлекетке окшой баштады деген ойго келишүүдө.

“Азаттык”: --Өзүнө алган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү өлкө дегендейби?

В.Богатырев: -Ооба, мурда жетишкен келишимдерди аткарат деген. Бул өтө маанилүү. Анткени биздин региондогу репутациябыз өтө начар. Муну түшүнүү керек.

“Азаттык”: --Өзбек улуттук маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Курманбек Бакиевдин сапарынан кийин куйрук улай, 22-23-апрелде Астанага Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун сапары болот экен. Анын сапары учурунда Борбор Азия Биримдигин түзүү талкууланабы? Алга жылыш болобу?

В.Богатырев: -Менин оюмча, маселе талкууланат. Бирок алга жылуу болбойт. Анткени Казакстан менен Өзбекстандын мамилесиндеги проблемалар биздин Казакстан менен мамилеге караганда олуттуу жана татаалыраак. Бул өзгөчө суу, миграция саясаттарына байланыштуу маселелер. Жалпысынан Өзбекстан Биримдикти колдойт деген билдирүүлөр болушу мүмкүн. Бирок реалдуу жылыш болбойт. Андан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы лидерлик талашты эстен чыгарбаш керек. Ал эзелтен келаткан нерсе.



Жогорку Кеңеш менчиктештирүүнү өкмөттүн колуна өткөрүп берди.

Жума күнү парламент “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизди. Ал боюнча, Жогорку Кеңеш менчиктештирүү маселесинен четтетилет. Бул мыйзамдын кабыл алынышына коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар каршы чыкты. Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менчиктештирүү Жогорку Кеңештин көз алдында болушу пайдалуу экендигин “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон чакан маегинде белгиледи:

-Көзөмөл болгону, бардык нерсенин ачык-айкын болгону туура. Биздин фракция ошондой пикирин билдирди. Кумтөр боюнча мисалды алып көрөлүчү, убагында өкмөт өзү чече берип эмнеге алып келди? Парламент көзөмөл кылып турса бардык нерсе башкачараак болот да. Албетте парламенттин чатак-матагы да көп. Бирок өкмөттүн көзөмөлсүз калганы жаман. Бардыгы ачык-айкын болгону туура. Ошондуктан Кумтөр боюнча акыркы келишимдер парламенттен өткөндөн кийин гана күчүнө кирет деген жобону токтомго атайын киргизген элем. Ушундай чоң, стратегиялык маселелер парламенттин, элдин таразысынан өтүп, ачык чечилгени жакшы.

Коммунисттер фракциясынын өкүлү Бейшебек Акунов:

-Бул мыйзамга биз каршылыгыбызды билдиребиз. Анткени азыр киргизилип жаткан мыйзамда Жогорку Кеңешти менчиктештирүүдөн чыгарып таштап жатышат. Бул болбогон иш. Ошон үчүн биз менчиктештирүү боюнча мыйзамга каршы турабыз. Бирок өкмөт аны өткөрүп кетет. Аны бөркүңөрдөй көргүлө. Бирок эл эмне дейт? Бизди, Жогорку Кеңешти менчиктештирүү жараянынан алып таштоо мыйзамсыз. Менин оюмча ал чыккынчылык.

Бирок парламентте конституциялык көпчүлүк добушка ээ болгон “Ак жол” фракциясы мыйзамды кабыл алууну жактап, ал кабыл алынды. Фракциянын өкүлү Улукбек Ормонов бул мыйзамда энергетика тармагы Жогорку Кеңешсиз чечилбестиги так жазылганын айтып чыкты:

-Жалпы кыргыз элин кызыктырган, жалпы кыргыз элдин менчиги болгон, эң негизги энергетика тармагын менчиктештирүү Жогорку Кеңешсиз чечилбейт деген жобо так жазылып турат. Муну биздин президентибиз Курманбек Салиевич өзү дагы айткан, биздин электр энергиясын өндүрүүчү тармак такыр сатылбайт. Алар мамлекеттин менчиги боюнча калат деп. Мыйзамга киргизилип жактан толуктоолор ушул кызыкчылыкты коргойт жана көздөйт.

Бирок коомчулукта өкмөт бөлүштүргүч компаниялар эле эмес, ГЭСтерди да менчиктештирүүнө багыт алат деген ойлор кала берүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG