Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Быйыл базарда картошканын баасы өткөн жылга салыштырмалуу арзан болду. Мунун себебин былтыр картошка көп айдалганынан көргөн дыйкандар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/C6FBC0A1-0972-49D1-BC92-352D34AB04EE.asp быйыл экинчи нанды айдоону азайтышты. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Быйылкы жылы жалпы Кыргызстан боюнча 86,3 миң гектар аянтка картошка айдалат. Түштүктөгү айрым аймактардын дыйкандары эрте бышуучу картошканы айдап бүтүштү. Көпчүлүк аймактарда картошка айдалуучу аянттарда даярдык иштери жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы картошка өткөн жылдагыдан дээрлик бир жарым эсеге аз айдалды. Буга эң негизги себеп катары – картошка баасынын быйыл анчалык көтөрүлбөгөнү айтылууда. Ал эми керектөөчүлөр болсо картошканын баасы быйыл деле арзан болбогонун айтып, баа 10 сомдон төмөндөбөгөнүн айтышат.

Дыйкандардын картошка айдоо үчүн сарптаган каражаты жана жумшаган эмгеги акталбай калып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Жыргал эженин беш баласы бар. Алды жогорку окуу жайда окуп, арты мектепте окушат. Жыргал эже ай сайын тийген эмгек акысына азык-түлүктү дүңүнөн сатып алып коюуга аракет кылат:

-Антпесең түтпөйт экен да. Бул жолу да Баткен базарына картошка сатып алуу үчүн келгенбиз. Бирок мен эсептегенден алда канча кымбат болуп жатат. Арзандайт, баары арзандайт деп президентибиз кайра-кайра кайталаганы менен эки-үч эселеп өсүп атат. Кайда барабыз минтип отуруп, билбейм...

Жалалабат, Ош шаарында картошканын баасы 10 сомдон 15 сомго чейин, Бишкекте 15 сомдон 20 сомго чейин, Ысыккөл, Нарында 7 сомдон 10-12 сомго чейин сатылууда. Дыйкандар болсо өз кезегинде картошка айдоо үчүн сарптаган каражаты менен жумшаган эмгеги акталбай калып жаткандыгын белгилешет.

Жалалабат шаарындагы борбордук деп саналган базарда картошканын килограммы 10 сомдон 15 сомго дейре сатылууда. Шаардын четки жана дүң базарларында мындан арзан картошкаларды да сатып алууга болот. Былтыр картошканын баасы облуста 19-20 сомго дейре жеткен. Облустук бийлик быйыл 7123 гектар жерге картошка өстүрүүнү көздөп жатат. Учурда аны эгуу иштери кызуу жүрүп, облбийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Карыбек Айтиевден алынган маалымат боюнча өткөн жылдын ушул кезине салыштырмалуу 1900 гектарга ашыкча эгилди. Дыйкандар кооперативдерге бириксе, жеке чарбадан көрө үрөн, күйүүчү май, суу, минералдык азыктар менен уу химикаттарга болгон муктаждыктан кыйла арылат болчу дейт ал:

-Быйылкы жылга пландалган картошканын 2784 гектар аянтына айдап бүттүк. Бул өткөн жылдагыдан 1900 гектарга ашыкча айдалды, дегенди билдирет.



Бирок каражаттын тартыштыгынан жарым гектар аянтына урук сатып алалбай, картошка эге албай калган айылдык тургун сүйлөп берүүдөн баш тартты. Сузак районун мурда башкарган аким Тагай Жаркынбаев жайлоодогу жарым гектар жерин картошканын уругун эгүүгө камдап койгон. Эгүү ишине ыңгайлуу шарт түзүлсө эле картошка айдаганы турат:

-Жыл сайын 50 сотых айдайм. Азыр да күндүн жакшырышын күтүп атам. Урук жетиштүү. Бирок былтыркыга караганда быйыл картошка арзан,
-дейт Тагай Жаркынбаев.

Жашылча-жемиш саткан Тамара Жалалабаттын четки базарында соода кылат. Аталган базарда Ноокен, Алай, Аксы райондорунан жүктөлүп келинген картошкалар сатылат. Кардарлар бул базарга сейрек келгени үчүн картошка борбордук базардын баасына караганда 1-2 сомго арзан турат.


Жалалабаттагы “Манас” автобекетинин кенири аянты дүң базар болуп калган. Ишкер соодагерлер ушул базарга түшүрүлгөн жашылча-жемиштерди сатып алышып, жумушсуздуктун айынан башка базарларда үстөк баа коюшуп сатышат. Ишкер Айым Баялиева Нарындан алып келген картошкасын 8 сомдон сатууда. Анын пикирине караганда базарда картошканын көптүгү жана элдин колунда каражаттын тартыштыгынан картошканы ушундай баага сатууга аргасыз болууда:

-Жакшы актабай атат. Дыйкандар бизге бааны көтөрүп, кымбат сатып атышат. Бул жакта болсо дыйкандар бааны көтөрө албайт. Ошондуктан, бизге деле кыйын болуп жатпайбы..

Анткени менен Жалалабат шаарынын кесиби боюнча врач тургуну Ильич Нарматовдун байкоосуна караганда картошканын баасын арзан дегенге болбойт. Анын пикиринде учурда өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор жана жакырчылык күчтүү. Баасы 15 сомго жеткен картошканы жумушсуз жана мүмкүнчүлүгү чектелген, айлыгы, жөлөк пулу жана пенсиясы менен жашаган адамдар сатып алуусу мүмкүн эмес. “Жашоонун оордугунан улам өз жанын өзү кыйгандар көбөйүүдө”, - деп айтты ал.



Үрөн маселеси картошка айдаган дайкандарды да түйшөлтүүдө

Ысыккөлдүн климаты картошка айдоого өтө ыңгайлуу. Көлдүк дыйкандар бир нече жылдардан бери негизинен картошка айдап, түшүмүн Казакстанга чейин сатышууда. Облустук бийлик быйыл 33 300 гектар жерге картошка айдаларын маалымдоодо. Бирок өткөн жылы картошка көп айдалгандыктан анын баасы мурдагыдай кымбат болбой жатканын белгилешкен ысыккөлдүк дыйкандар да быйыл картошка айдоону азайтышты. Тоң районунун тургуну Гүланда Ишперованын “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча дыйкандар быйыл картошка айдоого караганда буудай айдоону туура көрүп турушат:

-Быйыл менин бир тоннадан ашуун картошкам калып кетти. Беш сомдон эле саттым. Андан өйдө көтөрүлбөй койду. Мындан тышкары үрөндүн баасы да кымбат болуп атат, ошондуктан быйыл буудай айдоону чечтик.

Үрөн демекчи, Ысыккөлдө үрөндүн баасы 8 сомдон 30 сомго чейин. Жетиөгүз райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Кубат Ашыров өткөн жылы Голландиядан үрөн алдырып, дыйкандарга таратканын маалымдаган:

-Германиядан үч сорт алдырып атам азыр, бул жактан айдап көрөлү. Былтыр болсо Голландиядан келген урукту Жетиөгүздөгү “Борис” деген дыйкан чарбага 1 гектар айдатып, ал быйыл көбөйтүп, 30 тоннадайын 30 сомдон элге таратты.

Жетиөгүз районунун дыйкандары быйыл картошканы 300-400 гектар аянтка азайтышты. Бирок облустук бийлик быйыл картошка өткөн жылга караганда көбөйгөндүгүн, жалпысы болуп 33 300 гектар жерге айдаларын бекемдөөдө.

Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтү дыйкандарга күйүүчү май, минералдык жер семирткич, айыл чарба техникалары жагынан болгон жардамын берип келе жаткандыгын айтууда. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча 3685 тонна минералдык жер семирткич, ар бир облуска 1600 тоннадан күйүүчү май, бөлүнүп берилген. Жогорку маалыматтарда айтылгандай картошканын үрөнүн сатып алуу да бүгүнкү күндө оңойго турган жок. Дыйкандар колдо болгон сорттун, болгон үрөнүн айдап, аягында мээнети акталбай калып жатат. Айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстандын өзүндө да айыл чарба окумуштуулары тарабынан картошканын бир нече түшүмдүү, жогорку сорттору иштелип чыккан:

-Биздин окумуштуулар Кыргызстандын климатына туура келе турган, түшүмдүү сортторду иштеп чыгышкан. Алардын бири “Челпек” деген сорт. Бул кыска убакытта быша турган, бирок түшүмү азыраак сорт. “Челпек” сортундагы картошка көлдүн аба-ырайында 60 күндө бышат. Эрте бышаар сорт болуп саналат. Бул сортту өндүрүп чыгаруучу көл өрөөнүндөгү үрөн чарбасын жергиликтүү бийлик кармап кала алган жок, таркап кетти. Мындан тышкары жакында “Нур” деп аталган сортту иштеп чыктык. Бул дагы биздин аба шартына ылайыктуу, түшүмдү мол бере турган сорт. Эң эле болбоду дегенде 300 центнерден түшүм берет, бул дагы 70 күндө бышып жетилет, - дейт Жамин Акималиев.

Замира Кожобаева, Бишкек
Ырыспай Абдраимов, Жалалабат
Рита Нурманбет кызы, Ысыккөл
XS
SM
MD
LG