Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

Астанада Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчылары Борбор Азияда суу-энергетикалык консорциум түзүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Ушул айдын аягында бул жаатта убактылуу түзүмдүн иштешине куштар өлкөлөрдүн суу- энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AD4A5951-62F3-48A3-A7F6-CCBB149B9F32.asp жетекчилеринин жыйынында төрт тараптуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Суу-энергетикалык консорциум түзүү демилгеси соңку жылдары арбын козголуп, бирок ал көбүнесе сөз жүзүндө гана калып келген. Быйылкы кургакчылык, Борбор Азиядагы эң ири Токтогул суу сактагычындагы суунун коркунучтуу чекке жетип калганы, чыкыроон аязда Тажикстан башынан кечирген оор абал эгемендик тушунда баам сыртында калып келген маселени кайрадан алып чыкты.

Тажикстандык эксперт Тахир Абдужаббордун пикиринде, суу-энергетикалык проблеманы чечүүдө коңшулардын бири-бирин түшүнүүсү өзгөчө мааниге ээ:

- Баарынан мурда бул өлкөлкөлөрдүн ортосунда өз ара түшүнүү жана сый-урмат болушу абзел. Баары теңата болуп, бири экинчисине кысым көрсөтпөсүн. Маселени чечүүнүн ушул гана жолу бар. Булар коңшу өлкөлөр, бирөө да башка жакка көчүп кетпейт. Ушу таптагы түшүнбөстүктөр менен билбестиктер убактылуу нерселер.

Өзбекстандык саясат таануучу Ташбулат Юлдашевдин ырасташынча, маселенин ушу кезге чейин чечилбей создугуп кетишине расмий Ташкендин суу ресурстарын биргелешип пайдалануу демилгесине салкын-суз мамилеси себепкер.

- Жалгыз Өзбекстан гана сүйлөшүүлөргө катышпай келатат. Кыргызстан, Тажикстан мамлекеттерин теңине албайбы, булар менен сүйлөшүүлөрдү каалабайт.

Т.Юлдашев Кыргызстан менен Казакстан баштап жаткан демилгени Өзбекстан колдобой деле коюшу ыктымал деген пикирде. Эгер кол койсо да ал өзүнүн шартын коюп жаңы түзүмгө кириши мүмкүн. Расмий Ташкен Кыргызстан менен Тажикстандын тоолорунан түзгө агып келчү суулар кайда кетмек эле деген токпейил мамиледен кутула элек.

- Баары бир суу келет деген пикирге барып, ушуга чейин кырдусунган саясат жүргүзүп келатышат,- дейт Ташбулат Юлдашев.

Борбор Азия чөлкөмүндө жыл сайын суу проблемасы күчөгөндөн күчөп, ал суу башындагы эки өлкөнүн саясий таасир көрсөтүүчү куралына айланып кеткенин Казакстандык эксперт Эдуард Полетаев да ырастады.

- Мунай менен газга чукак Кыргызстан, Тажикстан суу маселесин саясатташтырып, коңшуларга таасир көрсөтүүнүн куралына айлантууда. Аны кошумча пайда табууга мүмкүндүк берчү жагдай катары пайдаланышууда. Ошондуктан К.Бакиев менен Н.Назарбаевдин жасап жаткан иши, менимче, токтолуп туруп калган ишти алдыга сүрөө аракети.

Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов суу-энергетика консорциумун түзүү өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына кайчы келген иш деген пикирде.

- Себеби биз мынабул “Токтогул каскадынан” зыяндан башка эч пайда көрө элекпиз. Чыгымдан башка эч нерсе көрө элекпиз. Анан андан пайда алалбай жатып суy-энергетикалык консорциум деп “Камбараталарды” куруп алып анан да өзбек, казакка кошумча суу беребиз деп жатабыз. Булардын ою боюнча мынабу “Камбарата – 1- 2” таза энергетикалык объект болушу керек. Ал сугат менен байланышпаган, электр энергиясы керек болгондо гана иштетилчү станциялар.

Дүйшөн Маматканов экономикалык оорчулуктан башы чыкпаган Кыргызстан Нарын дарыясынын жогорку алабындагы сууну да коңшуларга башкартып коюш коркунучуна капталганы калганын белгилейт.

Кышкысын “Токтогул” суу сактагычынан агызылган арбын суу ташкынынан тажаган Казакстан “Көксарай” суу сактагычын курууга мажбур болуп, ушу тапта ыргылжың турган чагы.

Амударыядан келчү суунун кыйласын орто жолдон буруп алыш үчүн Түркмөнстан оңор эмес “Алтынкөл” суу сактагычын курууда.

Пахта менен шалыга деп Арал деңизине барчу эки дарыяны үч өлкөнүн дыйкандары орто жолдон буруп кетип, дүйнөдөгү эң ири туюк деңиздердин бири биротоло соолуп калуу коркунучунда турат. Ансыз деле суу тартыштыгынын азабын тартып келаткан Борбор Азияга Сибирдеги Обь дарыясынын бир бөлүгүн буруу идеясы эки кылымдан бери козголуп, бирок да ишке ашпай келатат.
XS
SM
MD
LG