Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

12:38 Жарандык лидерлер парламентти таркатуу демилгесин көтөргөнү жатышат


Бул максатта демилгелүү топ түзүлдү деп билдирди “Жарандык коом коорупцияга каршы” борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова бүгүн “Азаттыкка”. Укук коргоочунун айтымында, демилгенин көтөрүлүшүнө чегарага, жерге, сууга жана энергетикага байланышкан улуттук маселелерге парламенттин үстүрт мамилеси түрткү болууда. Парламент күн тартибиндеги сууга, энергетикага байланышкан маселелерди улуттук кызыкчылыкка төп чечпесе жана жерге, чегарага байланыштуу жакында бекиткен кыргыз-казак мамлекеттер аралык документтерин кайра кароо демилгесин көтөрбөсө демилгелүү топ жер-жерлерде кол топтоого киришет депбилдирди укук коргоочу. Конституцияга ылайык Жогорку Кеңештин иштеп жаткан курамын таркатуу үчүн 300 миң кол топтоо зарыл болот. (BuS)

XS
SM
MD
LG