Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

13:00 Жарандык коом ЖК төрагасы менен “Ак жол” фракция жетекчисин сотко берди


“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровду адамдарды маалымат алуу эркиндигинен чектеген парламенттин регламенти үчүн жооп берсин деп, “Ак жол” фракциясынын төрайымы Элмира Ибраимованы маалыматты жаап-жашырды деп сотко берди. Административдик тартиптеги бул арызды жума күнү Бишкектеги райондор аралык сот каттоого алгандыгын уюмдун лидери Төлөкан Исмаилова билдирди. Жума күнү укук коргоочулар тобу энергетика мыйзамдарынын долбоорлорун жабык талкуулап жаткан фракциянын отурумуна кирип, бирок, жетекчиликтин чектөөсүнө ылайык жыйындар залынан чыгарылган. Буга чейин эки жетекчини укук коргоочу Азиза Абдырасулова сотко бергени кабарланган. Эми дагы төрт укук коргоочу сотко кайрылары күтүлүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG