Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Өкмөт электр энергиясын бөлүштүрүү, жылуулук чыгаруу, аны жеткирүү компанияларын менчиктештирүү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/4C6EBD6B-21F8-45D3-9DE2-886465A0970D.asp аракетине киришүүдө. Маанилүү тармактын жеке колго өтүшү кызмат акынын көбөйүшүнө, социалдык оорчулукка алып келбейби? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде уюштурулган “Бетме-бет” талкуусуна парламент мүчөсү, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Бегаалы Наргозуев, жана ишкер Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Тургунбек Молдобаев катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: -Бегаалы мырза, сиздердин «Ак жол» партиясы энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин талкуулап, өкмөткө уруксат берди. Айрым маселелер азыр талкууланууда. Тармакты менчиктештирүүнүн негизги максаты эмнеде? Андан өлкөнүн ута турганы эмне, уттурары эмне? Сөздү ушундан баштасаңыз.

Бегаалы Наргозуев: - Бу менчиктештирүү маселеси мына 17 жылдан бери эле талкууланып, улам артка жылдырылып келатат. Буга шашылбаш керек, калк буга даяр эмес деп, бул маселе дайыма артка сүрүлүп келген. Убакыт өтүүдө.

Азыр эми ошол 60-70-жылдары салынган энергетикалык объекттерди тез арада жаңылабасак мындан да чоң кризиске кабылышыбыз мүмкүн. Бир күнү «жалп» этип баары өчүп калышы ыктымал. Проблеманы менчиктештирүү жолу менен гана чечүү керектигин өкмөт кабыл алды. Бул зарыл нерсе. Оппозиция деле менчиктештирүүгө каршы эмес. Мисалы менин кесиптешим социал-демократиялык партия мүчөсү Мурат Жураев негизинен менчиктештирүүгө каршы эместигин билдирди. Бирок аны кандай жол менен менчиктештиребиз?

Кайсы формада менчиктештирүү жүргүзүлүш керек? Аны сактап калуу зарыл? Сөз ушул жөнүндө жүрүшү керек. Бая Казакстандагыдай энергообъекттерди сатып ийип, кайра сатып алгандай болбой, башка өлкөлөрдүн жаңылыштыктарын кайталабай, элге оорчулугу тийбегидей формада менчиктештирүү болуш керек. Бизде ушул азыр маселе боюнча кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.

Бекташ Шамшиев:- Тургунбек мырза, сиздердин бейөкмөт уюмдар менчиктештирүүгө, атап айтканда жылуулук берүү, электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларынын менчиктештирилишине каршы. Бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун менчиктештирүүгө чочулоо менен карап жатышынын себебин эмне менен түшүндүрө аласыз?

Тургунбек Молдобаев: - Мына азыркы президент К.Бакиев мурда премьер-министр болуп иштеген. Бул маселени ошондо эмне үчүн ал көтөргөн эмес? Азыркы шашылыштын себеби эмнеде? Анан мына ушул программа, тармакты менчиктештирүүнүн натыйжасы начар болсо «Ак жол» партиясы жообун берет деп жатышат. Эртеңки күнү азыркы депутаттар да, өкмөт да болбойт. Ким жооп берет? Биздин каршылыгыбыз эмнеде? Мисалы мен өзүм менчиктештирүүгө каршы деле эмесмин. Аны жүргүзүүнүн жолу бар да.

Маселе эл тарабынан талкууланган жок. Маалымдоо каражаттарында маселе аз чагылдырылат. Эл кошулбагандан кийин программанын кандай иштеши тууралуу айтыш кыйын. Өкмөт болсо мыйзамды өткөрүп берсе эле калган ишти жасай турганын айтууда. Фракциялардан болсо социал-демократтар менен коммунисттер парламентте бир жолу гана чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк алышты. Депутаттар андай болуп жаткандан кийн карапайым калк туyралуy эмнени айтууга болот? Эл байлыгын эч шашпай, 1-2 жыл талкуулап, анан тагдырын чечиш керек.



Бекташ Шамшиев: - Бегаалы мырза, мына азыр Кыргызстан энергетикалык кризисте. Мындайга капталбаш үчүн сөзсүз энерготармактын бөлүштүрүү компанияларын менчикке берүү керекпи? Же андан башка да жолдору барбы?

Бегаалы Наргозуев: - Тургунбек мырза, дагы бир-эки жыл талкуулаш керек деп жатпайбы. Ансыз деле 15 жылдан бери талкулап эле келатпайбызбы. Анан К.Бакиев жөнүндө да сөз болуп калды. Анын президент болгонуна 3 жыл толду. 2 жылдан кийин биринчи мөөнөтү бүтөт.

Анан да эмне үчүн энергетика тармагы чыгашалуу болуп калды деп жатат? Чыгашалуу болушунун бир эле себеби бар: 40% жакын энергия уурдалып-тонолуп жатат. Аны жоюунун кандай жолдору бар? Энергокомпаниялардын чыныгы кожоюну болбой жатат.

Келгендердин баары эле уурдап-жеп, убактылуу иштеп кетип жатышат. Коррупция бул жерде катуу өнүккөн. Биз мына ошол кожоюнду пайда кылалы деп жатабыз. Өкмөттүн бизге айткандарынан менин билгеним бул болду. Алар жылуулук, электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларынын 15% акциясын фондулук биржага чыгарып саталы деп жатат.

Сатканда да сырттан келгендерге эмес. «Баштыкчан инвестор» деп коет. Бизде Социалдык фонд, Пенсиялык фонд, Камсыздандыруу фонду, Кредиттик союз деген бар. Биринчи кезекте ошолорго сатылат. Алар 15% ээ болушат. Ошолор кожоюн боло башташат. Алар жумшаган акчасынын натыйжалуу пайдаланышына кызыкдар болушат. Алар экономикалык саясаттын ачык жүрүшүн, бир тыйыны талаага кетпешин талап кылышат.

Өкмөт менчиктештирүүнүн ушул жолдо жүрүшүн көздөп жатат. Албетте башка жолдору да бар. Жеке колго сатуу, башкаруyнy ишенимдүү колго берүү деген формалары бар. Менин жеке оюмда, энергетикалык тармакта иштеген, аны жакшы билген адистерден турган компаниялар болсо ошолорго кайсы бир шарттарды коюп, белгилүү убакытка ишенимдүү башкарууга берсе да жакшы болор эле.



Бекташ Шамшиев:- Тургунбек мырза, быйыл июль-август айына чейин Бишкек жылуулук борбору, жылуулук тармактары, андан соң «Түндүкэлектр» акционердик коому сатыкка коюлганы турат. Азыр алардын болгон байлык-мүлкү саналууда. Менчиктештирүү карапайым калкка оор келип калбайбы?

Тургунбек Молдобаев:- Менчик ээси болушу керек. Мына электр энергиясы товар экенин тастыктаган мыйзам кабыл алынды. Жоопкерчилик болуш керек. Менин оюм мындай, «Бышкек жылуулук борбору», жылуулyк тармактары, «Түндүкэлектр» компаниялары чыгашалуу ишканалар деле эмес.

Бул жерде маселе башкада. Булар азыркы абалына эмнеден улам келди? Бул андагы жетекчилердин жоопкерсиз иштегендигинин белгиси. Ириде алардын жоопкерчилигин караш керек. Менин билишимде 300 миллион ашуун доллар ушул тармакка кошумча инвестиция берилген. Ал элдин мойнунда. Аны эл төлөйт. Ошол кеткен акчалардын дарек-дайнын изилдей турган коомдук комиссия түзүп, ага мыйзам сактоо кызматтарын кошуп, мунун укктук баасын бериш керек го акыры.

Анан эми азыр “ал эскирди, бул эскирди” деген шылтоолорду айтышууда. Алар инвестиция келет, баарын кийин кечип жиберет деп ойлошкон. Мындай коррупциялык схема элге жашыруун сыр эмес.

Бекташ Шамшиев:- Бегаалы мырза, сиздердин фракция жашырын жыйын чакырып энерготармактын маселесин талкуулады. Эгер жашырын сыр болбосо ошол жыйында талкуyлаган маселе тууралуу айтып бербейсизби. Азыр бийлик экономикалык маселелердин баары ачык, элге түшүнүктүү болушун көп айтып келатат.



Бегаалы Наргозуев:- Бул жерде Бишкек жылуулук борбору менен жылуулук тармактар ишканасы чыгашалуу эмес деп айтылып кетпедиби. Маселен, Бишкек ТЭЦи аябай чыгашалуу ишкана. Жабдуулары эски, 60-жылдардын технологиясы менен курулган. Бул жерде коррупция абдан күчтүү. Эмне үчүн Бишкек ТЭЦи көмүрдү Каракечеден албай Казакстандан тартып келет? Бул жердеги аткаминерлер ал жактан алып келген көмүрдүн «шапкесин» алып турат.

Соттош керек болсо соттой беришсин. Менчиктештирүү бир жактан жүрө берсин. Дагы эки жыл күтүштүн кандай зарылдыгы бар? Бардыгынын эскилиги жетип бүткөн. Муну чечпесек мындан чоң кризиске кабыларыбыз турган иш.

Ал эми энергосекторду талкуулаган жыйындын жабык эшик артында өтүшү мындай: ал күнкү жыйынга бейөкмөт уюмдар да катышып, курч суроолор берилип жатты. Биздин фракцияда да жыйындар курч өтөт. Бирок чечим кабыл алынгандан кийин аны баарыбыз аткарышыбыз керек.

Биздин кызуу талаш-тартыштарды ачыкка чыгарбоо максатындабы фракциянын жетекчилиги ошондой чечим кабыл алды. «Эмне үчүн жыйынды жабык өткөрөбүз, башкалар деле катышсын» дегендер болду. Менин оюмча, ачык эле өткөрсө болмок. Биздеги курч талаштарды укпасын, сөз кылышпасын, ар башкача чечмелеп элге алып чыкпасын деп, бирөөлөр баатыр, экинчилер сатылган киши болбосун дегендей максатта ички маселелерди сыртка чыгарбаш үчүн жабык жыйын өттү. Элден энергетика маселелерин жашырыш үчүн эмес, биздин ички мамилелерибиздин сыртка чыкпашын көздөп гана өткөн. Түшүндүрүү иштери азыр деле жүрүп жатат. Жыйын жашырын өттү дегенге мен кошулбайм.



Бекташ Шамшиев:-Тургунбек мырза, соңку суроо. Өкмөттүн энергетика тармагындагы мындан кийинки кадамы кандай болуш керек? Сиз менчиктештирүүгө азырынча эрте деп жатасыз. Андай болсо тармакты өнүктүрүүнүн кандай жолу бар?

Тургунбек Молдобаев:- Көптөгөн талкуулардан кийин эксперттик топту түзүш керек. Азыр улам-улам эле токту өчүрүп, элди жарыксыз калтырып жатышпайбы. Бул туyра эмес. Менин оюмча, ушу жоготуyлар көп болуп жааткан жерди, мисалы Ош же Жалалабат облусун алып, ошол жерде сыноо үчүн менчиктештирүүнү жүргүзүп көрүш керек. Анан эксперименттин жарым жылдан кийинки жыйынтыгын, анын жетишкендиги менен мүчүлүш жактарын талдап, жыйынтыгын жалпы республикалык энергосекторго которсо туура болмок.

Азыр болсо 15 саатка чейин өчүрүп салышып жатышпайбы. Азыр кептин баары эле энергетикага бурулуп, мындан жаман кризис болот деп элди коркутуп жатышат. Бизде жаңы өндүрүш ачылып жатса, анан ойлоп көрүңүзчү, токту өчүрүп коюшат. Анан 10 – 15 саат өчүрүү. Өчүрүүнүн графиги түзүлгөн деп жатышат. Аны ким сактап жатыптыр? Бир тармактын айынан башкасынын тагдырына балта чапкандай болуп жатпайбызбы.

Бекташ Шамшиев:- Бегаалы мырза, сиздин оюңузча, тармакты өнүктүрүүнүн менчиктештирүүдөн башка да жолу барбы?

Бегаалы Наргозуев: - Мен маектешиме бир сөз айтып коеюн. Электр энергиясын улам-улам өчүрүү пайда болду деп атпайбы. Антип өчүрүү проблема дагы тереңдеп, шиши толуп, ириңдеп баратканын көрсөтөт. Мурда мындай жок болчу. Ушунун баарын дагы эки жыл сактап турсак эле баары кайра оңолуп кетеби? Кризис кайра тереңдеп жатпайбы.

Бекташ Шамшиев: Талкууга катышып бергениңиздерге ырахмат.
XS
SM
MD
LG