Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:35

21-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айрым тарыхый маалыматтарда бул күнү А. Л. Бубенов баштаган орус дипломатиялык миссиясы бугулар арасында жүрүштү, Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандарынын I курултайы ишин аяктады.

А. Л. Бубенов баштаган орус дипломатиялык миссиясы 1827-жылдын бу күндөрү Бугу уруусунун арасында жүрүштү. Алар бугулардын турмуш-тиричилиги, саясий абалы жана кыргыз урууларынын ичара мамилелери туурасында маалымат топтошкон. Мындан тышкары, дипмиссия Кашгар көтөрүлүшү жөнүндө жана ага болгон кыргыздардын мамиле, маанайын сурамжылашкан.

1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандарынын I курултайы ишин аяктады. Курултай мусулман буржуазиялык «Шуро-и исламия» уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп, анын ишине Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаев сыяктуу көрүнүктүү адамдар катышкан. Курултай Түркстандагы калктардын өз ара мамилелерин аныктоодо жана кийинки Совет мезгилиндеги республикалардын уюшулушуна, алардын жетекчилерин белгилөөдө зор роль ойногон.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылган.

Кыргыз ССР ички иштер наркому И. П. Лоцманов кийин камакка алынып, 1939-жылдын 21-апрелинде көрсөтмө берген. Анын айтымында, 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине шайлангандар толугу менен калк душмандары катары айыпталып, сот жообуна тартылышкан. Үчилтик атанган партиялык жазалоо куруму тарабынан 5110 адам соттолгон. Ал эми Четвертаков жана Лоцмановдун тушунда Кыргызстанда 7610 адам жазаланып, алардын көбү атылып, айрымдары дарексиз жоголуп кеткен.

1947-жылдын 21-апрелинде СССР Министрлер Кеңеши Казакстандын Семипалатинск аймагында советтик атом бомбаларын сыноо аянтын куруу туурасындагы токтом кабыл алды. Сыноо аянты «Тоолуу станция, № 2-сыноо полигону» деп аталган. Анын курулушу 1949-жылдын 26-июлунда бүткөрүлүп, мында 1990-жылдын 24-октябрына чейин 456 ядролук жана термоядролук куралдарды сыноо өткөрүлгөн. Адистердин айтымында, Семипалатинскидеги сыноолор жалаң эле Казакстанга эмес, Кыргызстанга да терс таасир тийгизип турган.


1954-жылдын бул күнү Советтер Союзу ЮНЕСКОго мүчө болуп кабыл алынган. Анын алкагында Кыргызстанга да маданий жана тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча маанилүү иштер жасалган.

Азиянын чыгыш өлкөлөрүндө башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон жок. К. Жумалиев жетектеген кыргыз өкмөтү кризиске каршы жетиштүү чараларды көрө албагандыгына байланыштуу, өлкөнүн экономикалык абалы татаалдашкан. Кырдаалдан чыгуу жолун издеген бийлик К. Жумалиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирген. Анткен менен жаңы өкмөт башына келген Ж. Ибраимовдун айыкпас оору айынан 1999-жылдын 4-апрелинде көз жумушуна байланыштуу өкмөттүк кризис кайра жаралды. Президент Аскар Акаев эми өкмөт башына тажырыйбалуу Амангелди Муралиевди тандап, Жогорку Кеңеш кароосуна сунуштаган. Кыргыз парламентинин 1999-жылдын 21-апрелинде өткөн жыйынында А. Муралиевдин талапкердиги жактырылган.

Тарыхый маалыматтарына караганда бул күн Рим шаарынын курулуш датасы катары белгиленет. Уламыштарга ылайык, Рим шаары б. з. ч. 753-жылдын 21-апрелинде Ромул тарабынан негизделген.

Бул күнү 1882-жылы айтылуу тарыхчы Б. Д. Греков; 1864-жылы социолог Макс Вебер; 1735-жылы ойлоп тапкыч И. Кулибин; 1926-жылы Улуу Британия ханышасы Елизавета II жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG