Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

19:30 Кыргызстанда орусиялык аскерлерге кол салынды деген маалыматты ИИМ төгүндөдү


Ички иштер министринин биринчи орун басары Темиркан Субановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, окуя Бишкек-Ысыката авто жолунда 20-апрелге караган таңда, саат үчтөр чамасында болгон. Мамлекеттик автоинспекциядан качкан номери жок автоунааны МАИ кызматкерлери Ысыкатага чейин кубалап барышкан. Милиция кызматкерлерине автоунаадагылар – Зотов аттуу Орусиянын аба–аскер базасынын каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары эки теңтушу менен каршылык көрсөтүшкөн. МАИ кызматкерлери аткан эскертүү огу Зотовдун далысы жакка тийген. Зотов адегенде Ысыката ооруканасына, соңунан Бишкектеги ооруканага жеткирилип, операция жасалды. “Ок Зотовдун денесине кирип, чыгып кеткен. Ички органдары жабыркаган деп атышат”, - деди Субанов. Бул факт боюнча Ички иштер министрлиги милицияга каршылык көрсөттү жана баш ийген жок деген негиз менен кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча Орусия тарапка маалымдалды, деп билдирди министрдин орун басары:

- Орусиялык үч жаранга чабуул жасалды деген маалымат тарап кетиптир. Бул туура эмес. Биз аны төгүндөдүк. Ким машинада отурган, ким айдаган баарын тактадык. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Бул факт боюнча Орусиянын Кантта жайгашкан аба-аскерий базасынын жетекчилиги жана Орусия элчилиги маалымат тарата элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG