Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

РАДИКАЛ ШИЙИЛЕРДИН ЛИДЕРИ ИРАК ӨКМӨТҮНӨ ЭСКЕРТҮҮ ЖАСАДЫ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Багдад өкмөтүнө колдоо көргөзүү иретинде жекшембиде Иракка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/5779BBB2-E8EB-4259-A1FE-FD004140EEFD.asp күтүлбөстөн барды. Нури ал-Маликинин өкмөтү ушу тапта радикал шийи лидери Муктада ас-Садрдын согушкерлерине каршы операция жүргүзүп келатат. 19-апрелде ас-Садр Багдад өкмөтү анын тарапкерлерине каршы операциясын токтопосо, “ачык согуш” жарыялоо тууралуу эскерткен.

Муктада ас-Садр бул - Ирак өкмөтүнө соңку эскертүү деп, тынчтык жолуна кайтууга үндөдү. Билдирүүнү ишембинин кечинде динаятчынын маалымат өкүлү Салах ал-Убайди окуп берди:

-Мен Ирак өкмөтүнө акыркы ирет эскертип жатам: ал тынчтык жолуна кайтат же буга чейинки өкмөттөрдүн кейпин кийип калат. Өкмөткө кирип алган согушкерлерди тыйбаса, биз боштондукка жетмейинче, ачык согуш жарыялайбыз.

Ушу тапта Иранда жүрөт делинген ас-Садр премьер-министр Нури Ал-Маликинин өкмөтү менен АКШ күчтөрүнүн ортосундагы альянсты сындап, Ирактын суверендүүлүгүн жана эгемендүүлүгүн сактоого үндөдү.

Былтыр августта шийилердин лидери ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыялаган, бирок өкмөт анын кеңселерин жабуу менен жооп берген. Бийлик Садрга Мехди армиясын куралсыздандырууга буйрук берип, андай болбосо, динаятчыга саясатка аралашууга тыюу салынат деген шарт койгон.

Садрдын билдирүүсүнүн алдында шийилер үстөмдүк кылган Багдад өкмөтү Басра шаарында согушкерлерге каршы күрөш ийгиликтүү жүрүүдө деп кабарлаган эле. Ишембиде АКШ жана Британ аскерлеринин колдоосуна таянган жергиликтүү бөлүктөр Ал-Ханиях шаарында операция башташкан. Ас-Садр шаарында, полициянын маалыматына ылайык, жума күндөн берки кармаштарда кеминде 12 киши набыт болду.

Ал-Насирияда өкмөттүк аскерлер менен Мехди армиясынын салгылашууларынан кийин комменданттык саат киргизилди.

Ас-Садрдын билдирүүсүнөн көп узабай, АФП агенттиги кабарлаганына караганда, мечиттерде элди “баскынчыларга каршы” күрөшүүгө үндөгөн чакырыктар угулуп жатты. Карапайым жашоочулар өлкөнү кайрадан зомбулуктун толкуну каптайт деп тынчсызданышууда.

-Ирактыктар бири бири менен согушпоого тийиш, дагы бир уруш тутанбайт деп үмүттөнөбүз. Садр койгон шарт тынчтык ультиматуму деп ишенебиз, - дейт Багдаддын тургуну.

Ас-Садр шаарынын жашоочусу да бул ойго кошулат, ошол эле маалда ал курчоонун алынып салышына чакырат:

-Биз согуштун тутанышын каалабайбыз. Бейпилдикте жашагыбыз келет, уруштан чарчадык. Мен Ас-Садр шаарында жашаймын. Саат 6да ойгонуп, жумушка барыш үчүн 3 чөлкөмдөн өттүм. Курчоо алынып салууга тийиш. Биздин шаар дайыма жазаланып келген.

Кабарларга ылайык, калаадагы кагылышуулар америкалык жана ирактык аскерлер чөлкөмдө дубал тургуза баштаганда күчөгөн. АКШ армиясынын ырастоосунда, тосмо Ас-Садр шаарынан Жашыл зонага атылган ракеталарга каршы курулууда. Катуу кайтарылган тилкеде өкмөттүк мекемелер менен чет өлкөлүк элчиликтер жайгашат.

XS
SM
MD
LG