Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

19-апрелде Ош шаарында өзбек улуттук-маданий борборлорунун 3-республикалык курултайы өттү. Анда “Кыргызстанда жашаган өзбектердин көйгөйлөрү толтура. Бийлик аны чечкенге көңүл кош”, - деген пикирлер айтылды. Жыйында ошондой эле өзбек улутундагыларды кадр саясатына аралаштыруу, өзбек тилине ырасмий тил макамын берүү маселеси козголду. Ал эми өзбек автономиясы тууралуу кеп чагым катары бааланды. Курултай соңунда өзбек улуттук-маданий борборунун Кыргызстандагы президенти Махамаджан Мамасаидов бул коомдук ишин Жогорку Кеңештин «акжолчу» депутаты Жамалидин Салахитдиновго өткөрүп берди.

Курултайды өзбек улуттук-маданий борборлорунун республикалык уюмунун президенти, Жогорку Кеңештин «акжолчу» депутаты Махамаджан Мамасаидов ачып, беш жыл аралыгында аткарган иштери боюнча кыскача токтолуп, кандаштары арасында олуттуу деле көйгөйлөр болбогондугун баса белгиледи. Андан ары төрагалык кылуучу Мамасаидов жазылгандарга гана сөз берилээрин угузганда, залдагылар толкуй түштү.

Махамаджан Мамасаидов «курултай Жогорку Кеңештин сессиясынан да ашып түштү го!» дегенде, залдагылар кол чаап сүйлөтпөй коюшту:

- Эми сиз Жогорку Кеңештен өткөрүп алыңыз.

Бир аз жымжырттыктан кийин гана каалоочулар трибунага алмак-салмак көтөрүлүштү. Өзгөн шаарынын мурунку башчысы Махаматрасул Абакжанов өзбектин тыңчыкмалары маселе көтөрсө эле бийлик «улутчул» деп элге жаман көрсөткөнүн тыйбаса, акыры жакшылык менен бүтпөсүн эскертти. Мындан тышкары он жети жылдан бери Кыргызстанда өзбекче окуу куралдары басылбагандыктан, кичинекей кандаштары Өзбекстандын китептерин окуп, коңшу өлкөнүн саясатына сугарылып жаткандыгына кабатырланды.

- 17 жылдан бери өзбекче бир китеп жок. Өзбекстандан чыккан эски китептерди окуп жатабыз. Ал Кыргызстандын программасына туура келбейт.



Оштук делегат Нооманжан Давыдов айрым улутташтары тарабынан автономия жана өзбек тилине расмий макам берүү маселелери маал-маалы менен көтөрүлүп жаткандыгын эске салды. Анын оюнда кырдаалды улам ырбатпастан, көйгөйдү Жогорку Кеңеште талкуулап, а түгүл президенттин, премьер-министрдин катышуусунда калк пикирлерин сурамжылоо зарылчылыгы бышып жетилди.

- Азыркы маселени Жогорку Кеңеште талкуулаш керек. Премьер-министр менен, президентибиз менен талкуулаш керек. Керек болсо калк менен жолугушуп, талкууну өткөрүш керек. Косовону көрдүк. Германияны көрүп жатабыз. Муну жаңжалсыз чечиш керек.

Карасуу шаарынын башчысы Ахмат Рахимовдун баамында, кыргыз жетекчилиги өзбектерди гана эмес башка улуттардын өкүлдөрүн да бийликке көбүрөөк тартпай жаткандыгы - катачылык. Ошол эле убакта автономия түзүү демилгеси улутташтары тарабынан көтөрүлгөн жери жок, андай аракет болсо, Өзбекстанга да кесепети тийиши ыктымал:

- Чоңдор, президентибиз мындай улуттук саясатка башка улуттардан кошсок жакшы болот эле. Баса, Кыргызстанда эч качан автономия деген сөз жок. Анда Өзбекстанды эртең Каракалпак автономиясы деши мүмкүн, тажик туугандарды автономия деши мүмкүн.

Курултайдын акырында өзбек улуттук-маданий борборлорунун республикалык уюмунун президенттигине Жогорку Кеңештин «акжолчу» депутаты Жамалидин Салахутдинов 6 айлык сынак мөөнөтү менен шайланды. Курултайга катышкан Ош шаар мэри Жумадыл Исаков көтөрүлгөн маселелерди комментарийлөөдөн баш тартты. Анткени менен өлкөдөгү бардык улуттар бөлүнүп-жарылбай Кыргызстанды чыныгы Мекени катары таанып, чогуу аракеттенгенде гана өлкөнү бакубат мамлекетке айландыруу мүдөөсү ишке ашаарынан шек санабай тургандыгын билдирди.

- Качан биз баарыбыз кайсы улуттун өкүлү болбойлу ушул Кыргызстан менин Ата журтум, Ата мекеним, мен кыргызстандыкмын деген максаттарга баарыбыз бирге жетишкенге толук шарт түзүлөт деп ойлоймун , - деди Ош шаар мэри Жумадыл Исаков.
XS
SM
MD
LG