Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

ТҮРКИЯДАГЫ ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫН КЫРГЫЗ АКТЕРЛОРУ АЧЫШТЫ


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театры Түркиянын Кони шаарында өткөн эл аралык театр фестивалына катышып келди. Чыгармачылык сапардын жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев “Азаттыкка” кеп салып берди.

-Түркияда өткөн фестиваль тууралуу азыноолак маалымат берип кетсеңиз. Ал фестивалга кайсы спекталди алып бардыңыздар?

-Биз Кыргыз Улуттук драма театры биздин залкар агабыз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата атайын “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы боюнча түркмөн режиссеру Какажан Ашыровдун өзүнүн версиясы боюнча койгон спектакли менен түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык театралдык фестивалына катышып келдик. Буга чейин биз канча мамлекет, кандай деңгээлде өтөөрүн биз билген эмеспиз. Баргандан кийин, түрк тилдүү мамлекеттерден 8 мамлекет катышкан экен. Булар Азербайжан, Кыргызстан, Косово, Крымтатар, Македония, Башкорстан, Кипр. Андан соң Кони мамлекеттик театрынын 10 жылдык мааракеси экен, мына ошого арналган фестивалга катышып келдик.

-Ошол фестивалда сиздердин койгон спектакль кандай кабыл алынды?

-Биз койгон спектакль алардын тили менен айтканда гүзаль деп коет экен, эң мыкты деңгээлде өттү. Себеби биздин биринчи барган күндөрдө эле, фестивалдын уланышы 14-24нө чейин экен. Бирок эмнегедир түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен өздөрү түрктөр театрдын ачылышын өздөрүнүн спектакли менен ачпай, мына ушул жөнөтүлгөн кассеталардан, видеотасмалардан өздөрү көрүп, театрлардын ичинен тандалган спектаклдер менен ачабыз деген өздөрүнүн алдына максат койгон экен. Алардын ичинен жүрүштөн кийинки ачылышты кечинде, протокол деп коюшат экен, ошол протоколдун негизинде шаардын мэри, Кони мамлекетинин губернатору, Анкарадан келген атайын театр фестивалдарынын генералдык директору, мүдүрү деп коет экен, мына ошолордун катышуусу менен биздин спекталь менен ачылышы бул дагы көп нерсени айтып отурат. Биринчиден, бул биздин театрыбыздын жетишкендиги, экинчиден, ошол жердеги актерлордун профессионалдык деңгээлде өздөрүнүн калыптанган орду бар экенин даңазаласак мен жанылышпайм.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG