Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ИРАК БОЮНЧА АЙМАКТЫК ЖЫЙЫН ӨТӨТ


Жаңыл Жусубжан , Прага Ушул жумада Кувейтте Иракка коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушуп жатышат. Кабарларга караганда, Ирандын Ирактагы жана жалпы эле бул аймактагы таасиринин өсүшүнө байланыштуу, Кошмо Штаттары Ирактын коңшуларына Багдадды көбүрөөк колдоого кысым көрсөтөт деп болжолдонууда.

АКШнын Ирактагы башкы кол башчысы Давид Петреус мындан 10 күнчө мурда араб өлкөлөрүн Ирактагы дипломатиялык миссияларын кеңейтүүгө жана Иракка чет элдик согушкерлердин агымын чектөөгө чакырып келгендигин бышыктаган.

Чет элдик согушкерлердин Иракка келишин токтотуу далалатында америкалык мартабалуу дипломаттар, аскер башчылары, чалгын кызматкерлери да Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн түрө кыдырып келишти.

Мына эми 21-апрель, шейшембиде АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Кувейтте Иракка коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен кайра ушул маселени талкуулаганы жатат. Жыйынга Египет менен Бахрейндин, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн жана дагы башка өнүккөн өлкөлөрдүн башкы дипломаттары да чакырылган.

Шейшембидеги жыйындан кандай конкреттүү жыйынтык болоорун айтуу кыйын. Бирок соңку окуяларга караганда, Ирактын коңшулаш араб өкмоттөрү бул өлкөдө Ирандын таасиринин айрыкча акыркы бир жылда өсө баштаганына тынчсызданып жаткандыгы айгине болууда. Бирок алардын тынчсыздануусу бул кырдаалга түздөн-түз кийлигише турган деңгээлге жеткендигин айтуу кыйын.

Мындан тышкары араб өлкөлөрү Ирак өкмөтүнүн пан-араб идеологиясына мамилеси боюнча жетиштүү түшүндүрмө алалбай келатышат.

2005-жылы бийликке келгенден бери Ирактын шийилер үстөмдүк кылган өкмөтүнө Иран колдогон жана араб маданиятына көңүл кош мамиледеги бийлик катары карап калышты.

Мунун эки себеби бар. Биринчиден бийликтеги шийит партияларынын Иран менен тыгыз алакасы бар, алардын айрымдарын Саддам Хусейн кулай электе эле Иран каржылап келген.

Экинчиден, суни мусулмандары басымдуулук кылган Ирактын коңшулары Иракта болобу, өз аймактарында болобу, шийиттерди кайсы бир деңгээлде бөтөн күч катары кабылдашаары маалым.

Ирак жетекчилеринин өлкөдөгү суни, шийит, күрдүлөрдү элдештире келе албай жаткандыгы да кырдаалды оорлотууда. Өткөн аптада Ирактагы суни араб партиялары өкмөткө кайтып келүүнү чечишти, бул коңшу өлкөлөрдүн көңүлүн бир аз тындырган болушу мүмкүн. Бирок Ирак менен алакаларын биротоло жолго салуудан мурда, араб өлкөлөрү айрыкча дипломатия жаатында дагы жылыштарды күтүп жатышкандыгы байкалат.

Сунилер көптүк кылган аймакта Ирандын таасиринин өсүшү араб өлкөлөрүн чынында да тынчсызданта турган көрүнүш. Бул өлкөлөр Иранды сүрүп чыгаруу үчүн коопсуздук жаатындагы кызматташттыкты тереңдетүүнү биринчи планга коюшары мүмкүн. Ошол эле убакта, эгер Ирак Ирандын жетегинде эмес, араб өлкөлөрү менен экендигине ынанышса, алардын сөздөн ишке өтүүсүнө шарт кыйла жакшырмак.

XS
SM
MD
LG