Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

АКШнын Мамлекеттик катчысы Ирактын жетекчилигиндеги биримдик буга чейинкиден кыйла бекем деп эсептейт


Кондолиза Райс бул тууралуу кечээ Багдаддагы күтүүсүз визити учурунда билдирди. Ирактын премьер- министри Нури ал –Малики жана президенти Жалал Талабани менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШ мамлекеттик катчысы ошондой эле өкмөттүн шийит согушкерлерине каршы күрөшүү аракеттерине колдоо көргөздү. Шийиттердин радикал жана антиамерикалык маанайдагы динаятчысы Моктада ас-Садрдын дарегине катуу сын –пикирлерин айтты. Ас-Садр эгер АКШ жана ирак аскерлери анын Мехди армиясынын согушкерлерине кысым көргөзүүнү токтотпосо, ачык согуш жарыяларын эскерткен эле. Кондолиза Райс белгилегендей, ас –Садр коркутуулар менен көрсөтмөлөрүн өзү Иранда, коопсуз жерден туруп айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG