Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Жаамы дүйнөнү каптаган азык-түлүк тартыштыгы Кыргызстанды да былтыртан бери тооруп, өткөн жылы инфляция деңгээли 20% чектен ашкан. Быйыл да жыл башынан инфляциянын жаалы катуу чыгып, өкмөт болжол кылган 15% деңгээлден кыйналбай эле ашып кеткени турат. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл дан эгиндери арбын себилгени менен апрель ортосундагы үшүктүн айынан дыйкандардын кыйла мээнети бул ирет да талаага кеткени турат.

Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын 12-13-апрелде Вашингтондо өткөн ортолук жыйында азык-түлүк баасы дагыле көтөрүлө бере тургандыгы, бул жагдай эмдиги жылы да сакталары белгиленди. Тамак-аштын кымбаттыгынан миллиондогон адамдар ачарчылыкка кабылары, оор абал жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдү да кысталыш жагдайга кабылтары Вашингтондогу жыйында байма-бай айтылды.

Оокат-аштын баасы Кыргызстанда өткөн жылдын жайынан тарта кескин көтөрүлүп, анын айынан инфляция деңгээли 20% ашып кеткен. Өкмөт өсүмдүк майы менен будайды коңшу өлкөлөрдөн кошумча сатып алууга мажбур болгон. Азыноолок экономикалык өсүштүн көңүл жылытар көрсөткүчүн инфляция басып кеткенине ичи чыкпаган аткаруу бийлиги ошондон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, нан проблемасын биротоло чечүү амал-айласын ойлонууга өткөн.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдер парламент тарабынан жактырылып калса Кыргызстан бюджетине түшчү акчаларды нанга жумшоого болор эле. Ошону менен өлкөнүн негизги оокат-аш маселеси биротоло чечилмек.

- Канча сугат жерибиз бар, канча фермерлерибиз бар. Ошолорго колдоо көрсөтүп жакшы деталдаштырылган программаны иштеп чыга турган болсок, аларга каржылык көмөк берип, трактор жагынан жардам берсек, айыл чарбасын кайра иштетүүнү жакшы деңгээлге коет элек. 3 жылдын ичинде бөлөк өлкөлөргө көз карандысыз, өзүбүз эле буудайды өстүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин эсебибиз менен ушундай атайын улуттук программа иштеп чыгалы деп жатабыз.


Бирок да “Кумтөр” алтын кени боюнча өкмөт менен канадалык ишкерлер ортосундагы келишимдердин жаңы парламенттеги жактырылышы кечиктирилип, ошондон жаңы программалардын ишке ашырлышы арабөк калууда. Анткен менен быйылкы жылы Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү 800 миң тоннага жетерин Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинен кабарлашты.

- Эмне үчүн 800 миң тонна? Себеп дегенде быйыл буудай 400 миң гектир жерге себилди. Аны гектиринен 20 центнерге көбөйтсөк, 800 миң тоннаны алабыз. Күздүк эгиндер болсо 225 миң гектир жерге айдалган. Жаздык эгин 175 миң гектир жерге айдалды. Жыйынтыгы 800 миң гектир. Буудай аянты 40 миң гектирге көбөйдү,- деп кабарлады министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Мамытова.

Анткен менен өткөн аптадагы үшүк этият болжолдордун баки-жогуна чекит коюп койду окшойт. Өкмөт болжолдонуп жаткан 800 миң тонна кызыл дан бул жылы алынбай каларынан шек санабай деле калды. Ошол себептүү быйыл деле өкмөт 200 – 300 миң тонна буудайды коңшулардан сатып алышка мажбур. Антейин десе Казакстан быйыл сентябрь айына дейре сыртка буудай сатпоо тууралуу чечимин чыгарып, чек коюп салган.

Экономика илим кандидаты Жумабек Жайылов Кыргызстан өңгөдөн кемчил болсо да азык-түлүк жагынан башкалардын көзүн карабашы керек эле деген пикирде.

- Чет мамлекеттерде бир фермер жүзгө жакын кишини багат. Бизде болсо иштей тургандардын 60% жакыны айыл чарбасында иштейт. Бир дыйкан ашып кетсе төрт кишини багып жатат. Ошон үчүн бизде резервдер көп. Азыркы шартта азык-түлүк кризисинин болушуна объективдүү, анан да субъективдүү себептер да болуп жатат. Субъективдүү себеп, 17 жылдан берки агрардык реформанын кемчиликтеринен биз ушу кризиске келип жатабыз. Ири чарбаларды талкалап, анын ордуна 3 миңден ашуун майда дыйкан чарбаларын түзүп койгонбуз. Алар өзү менен өзү болуп, чыгарган продукциясын көбүрөөк өздөрү пайдаланып, товардык продукцияны аз чыгарып жатышат.

Ж.Жайыловдун айтуусунда, майда дыйкан чарбаларынын шартында айыл чарбасындагы кризис тереңдегенден тереңдеп кете бермекчи. Андан чыгуунун бир жолу ири чарбалар, кооперативдер түзүлүшү керек.

Өткөн жылы Кыргызстан айыл чарбасындагы өсүш 1,4% араң чыгып, өкмөт болжогон 4% жете албай калган. Быйыл деле айыл чарбасында ошол эле деңгээлдеги өнүгүш ырааты болушу болжолдонууда. Бирок анын аткарылышына ишенген адам аз.
XS
SM
MD
LG