Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Жал кичирайонундагы имаратында “Чыңгыз Айтматов жумалыгы” ачылат. Жумалыкка Түркиядан, Каракалпакстандан атайын келген окумуштуулардын тобу да катышмакчы.

Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында алгачкылардан болуп Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өтүп жаткан жумалык төрт күнгө созулуп, Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле бул жыйынга Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Серпил Алпман айым, Түркиядан жана Каракалпакстандан атайын келген окумуштуулар тобу жана кыргыз окумуштуулары, илимпоздору катышмакчы.

-Негизги максат – Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын дагы бир жолу элге, айрыкча студенттерге тааныштыруу. Ал эми окуу жайлардын арасынан көч башы болуп “Айтматов жумалыгын” өткөзүп жатканыбыз – биздин улуу жазуучуга урматыбыз деп билебиз,- деди Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Каипов.

Аталган жумалыкты утурлап "Манас" университетинде студенттер арасында Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сынак жарыяланган эле. Сынактын жыйынтыгы да мына ушул жыйында чыгаарын маалымдады аталган окуу жайдын түркология факультетинин окутуучусу, профессор Лайли Үкүбаева :

-Бул сынак үч номинацияда өтүп жатат. Студенттердин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча илимий эмгектерине, чыгармаларынан көркөм окууларга жана Айтматовдун чыгармалары боюнча ырларга. Жеңүүчүлөргө белек катары “Сардал кыз” романын Чыңгыз Айтматов өзү тапшырат.

“Чыңгыз Айтматов” жумалыгы Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ак кеме” чыгармалары боюнча тасмага алынган фильмдерди көрсөтүү менен “Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк маданият” деп аталган тегерек үстөл менен жана “Түрк дүйнөсү жана Түркстан” деп аталган жаш түркологдордун II симпозиуму менен коштолот. Кыргыз-Түрк Манас университетинин түркология факультетинин доценти Гөксел Өзтүрк Айтматов жумалыгына сырттан да окумуштуулар катышаарын кабарлады:

-Түркиядан чагатай тили боюнча окумуштуу Кемал Ераслан, адабиятчы Кемал Яуз, тилчи Лейла Карахан жана Каракалпакстандан, Оштон, Жалалабаттан жаш окумуштуулар катышат.

“Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк маданият” деп аталган тегерек үстөл жыйынында белгилүү сынчы-адабиятчылар Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча атайын темалар менен чыгып сүйлөшөт.
XS
SM
MD
LG