Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

07:55 Оппозиция лидерлери шаар прокурорунан эскертүү алышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” эскертүү алгандардын бири, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, эскертүү ошондой эле кыймылдын лидерлери Абдыганы Эркебаевге, Темир Сариевге, Өмүрбек Текебаевге, Мукар Чолпонбаевге жана Азимбек Бекназаровго берилди. Эскертүүдө 12-апрелде өткөн Элдик курултайдын чечимдери мыйзамсыз экени айтылат. Аликбек Жекшенкулов муну Акүйдүн саясый тапшырмасы катары баалады. “Биз менен сүйлөшүүлөргө баргандын ордуна коркутуп үркүтүп атышат. Бирок биз койгон максаттарыбыздан чегинбестен иштей беребиз”, дейт А. Жекшенкулов.(MSu)

XS
SM
MD
LG