Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

АКШ: ХАМАС ТЫНЧТЫКТЫ КААЛАСА, ЗОРДУКТАН БАШ ТАРТЫШЫ ШАРТ


Амирбек Усманов, Прага Палестиндердин радикалдуу ХАМАС кыймылы тынчтыкты чындап кааласа, зобун-зордуктан ачык баш тартышы шарт. Бул жөнүндө АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс билдирди. ХАМАСтын лидери Халед Мешаалдын маалымдашынча, ал жетектеген кыймыл Палестин мамлекети 1967- жылкы чек арада түзүлүшүнө макул, бирок ырасмий түрдө Израилди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/396C1D4A-51E0-4893-A9D1-2B80B2F1B9CE.asp тааныбайт. Мурдараак АКШнын мурдакы президенти Жимми Картер ХАМАС уюму Израилдин өзүнчө мамлекет болушуна каршы эмес экенин билдирген.

Палестиндердин исламчыл ХАМАС кыймылына байланыштуу билдирүүнү АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Бахрейндеги сапары учурунда жасады:

- Менин баамымда, ХАМАС үчүн зобун-зордуктан ачыктан ачык баш тартуу анын тынчтыкка умтулганын көрсөткөн жакшы кадам болмок.

Кондолиза Райс Кошмо Штаттардын экс-президенти Жимми Картердин ХАМАС боюнча мурда жасаган билдирүүсүнө ушундай жооп берди. Картер АКШ бийликтерин исламчыл палестин уюму менен сүйлөшүүдөн качууда деп канын сындаган. Экс-президент радикалдуу ХАМАС кыймылынын жетекчилиги менен акыры жумада эки ирет кездешти.

АКШ менен Израил учурда Газа секторун контролдоп турган ХАМАСты террорчул уюм деп эсептейт жана Картердин жолугушуусу ХАМАСтын саясатын өзгөртпөйт дешип, анын миссиясын сындашты.

Жимми Картер дүйшөмбү күнү Иерусалимде ХАМАСка байланыштуу дагы бир маанилүү билдирүү жасады:

-Эгерде палестиндер колдошсо, ХАМАС Палестин мамлекетинин 1967- жылкы чегарада түзүлүшүнө макул экенин айтышты. Алар премьер-министр Олмерт жана президент Аббастын сүйлөшүүсүнүн негизинде палестиндерге сунуш кылынган келишимге ылайык, босоголош Израил менен тынчтыкта жашоого макул.

Жимми Картердин бул сөзүн ХАМАСтын лидери Халед Машаал тастыктады. Бирок ал ХАМАС кыймылы Израилди ырасмий түрдө тааный албасын эскертти. Машаал Картерге ХАМАС бир жактуу түрдө Израил менен ок атышууну токтотпосун, анткени буга чейин Израилдин агрессиясынан улам мындай келишим максатына жетпегин айтканын да билдирди.

Жакынкы Чыгыш чатагын жөндөө маселеси АКШ президенти Жорж Буш менен Иорданиянын падышасы Абдулланын бүгүн Вашингтондо болчу жолугушуусунда да талкууланат. Буш келерки январда президенттиктен кеткенге чейин, Палестин-Израил ортосунда тынчтык келишими түзүлүшүнө өтө дилгир.

XS
SM
MD
LG