Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

УКУК КОРГООЧУЛАР ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ ДЕМИЛГЕСИН КӨТӨРДҮ


Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар менен укук коргоочулар партиялык тизме менен шайланып, өткөн жылдын аягында ишке киришкен парламентти таратуу демилгесин көтөрүүдө. Укук коргоочулардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/28B83AD0-ACEC-4DB1-AC12-CCCC9C2F9E9B.asp айтымында, ал үчүн жаңы мыйзам долбоорун даярдап, ишке киргизүү зарыл.

Жогорку Кеңешти түзгөн партия өкүлдөрүн кайра чакырып алуу демилгесин көтөрүп жаткан “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун укуктук эксперти Нурбек Токтакуновдун түшүндүрмөсү боюнча, депутаттарды кайра чакырып алууга жол берген мыйзам өткөн жылдын февраль айында, Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен күчүн жоготкон.

Парламентти партиялык тизме менен шайлоого өткөргөн референдумдан кийин мындай жобону камтыган жаңы мыйзам иштеле элек жана аны даярдоого бийликтин шашылышы деле күмөн. Бирок көпчүлүгүн өкмөтчүл “Ак жол” партиясы түзгөн азыркы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар коомдо нааразылыкты пайда кыла баштады, ошондуктан парламенттеги саясий партияларды кайра чакырып алуу мыйзамын даярдоо зарылдыгы бышып баратат жана ага негиз берчү жоболор Баш мыйзамда жазылган дейт Нурбек Токтакунов:

- Биз депутаттарды эмес партияларды шайлаганбыз. Демек партиялар кайра чакыртылып алыш керек. Партияларды өзүнөн башка күчтөр чакыртып ала албайт, бирок шайлоочулар өз укугунан пайдаланса болот. Себеби Конституциянын 1-беренесинин 4-пунктунда эл өзүнүн бийлигин шайлоодо же референдумдарда гана ишке ашырбастан “мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аркылуу да жүргүзө алат” деп жазылган. Демек жарандык коом мамлекеттик бийлик менен өзүнүн демилгеси, тактап айтканда, элдик демилге аркылуу талаша алат жана кайра чакыртып алуу жобосун “Шайлоо кодексине” же “Саясий партиялар” жөнүндөгү мыйзамга киргизсе болот.

Ал эми Коомдук парламенттин мүчөсү Мукар Чолпонбаев азыркы парламентти таратууга моралдык гана эмес укуктук негиздер бар, себеби анын легитимдүүлүгү азыр талаш дейт:

-Шайлоо Кодексинде шайлоо аяктагандан кийин эки жуманын ичинде жыйынтыгы ачык жарыяланыш керек деп жазылып турат. Мына 4 айдан ашты, анын жыйынтыгы жарыялана элек. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбагандан кийин шайлоонун мыйзамсыз болгону ачык болуп калды. Анткени БШК алгачкы жыйынтык момундай болуп, баланча партия түкүнчө региондон мынча добуш алыптыр деп чечим чыгарып туруп, анан жыйынтыгын тиешелүү басма сөздө жарыялап туруп, саясий партияларга депутаттык орунду бөлүштүрүш керек болчу. Мындай аракет жасалган жок. Ошондуктан азыр кайсы партия канча добуш алып келгенин эч ким билбейт.

Парламенттин шайланышы күмөн деп, расмий жыйынтыктарын буга чейин сураган “Ар намыс” партиясы канааттандырарлык жооп алган эмес. Ушундай эле талап менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы сотко берген арызды бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту карай баштайт. Анын жыйынтыгы коомго абдан кызык болуп турганы менен “Ак жол” партиясынан шайланган спикер Адахан Мадумаров БШК түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес экендигин парламентте билдирген. Ага карабастан парламенттеги саясий партия депутаттарын кайра чакыртып алуу үчүн мыйзам долбоорун даярдоо иши башталгандыгын “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, ага бийликте турган топтун кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алууга көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын үстөмдүгү жана алардын коомдун маалымат алуу укугун басмырлаганы түрткү болду:

-Шайлоочулардын конституциялык укуктарын бузуп жатат. “Ак жол” фракциясы үстөмдүк кылып, бир да чечимди ачык жана демократиялуу форматта чыгарган жери жок.

Ал эми адилет министри Марат Кайыпов да партиялык тизме менен келген парламентти кайра чакыртып алуу же таркатууга азыр коомдо эч кандай негиз жок жана парламентти таркатууга Конституцияда көрсөтүлгөн 3 жободон тышкары мыйзам да жок деп түшүндүрдү:

- Азыр пайда болгон демилге Конституцияда каралган эмес. Бул оппозициянын парламентте орун албай калып, аны таркатам деген оюна эле тете. Партиялык тизме менен түзүлгөн парламентти таркатуу боюнча Конституцияда жүйөөлүү себептер бар, ошонун гана негизинде таркатылат. Парламентти шайлап, кайра тарката тургандай бул оюнчук эмес. Себеби анын артында мамлекеттин саясий туруктуулугу, элдин ынтымагы жана мамлекеттүүлүктүн принциптери турат.

Анткен менен парламент өткөн жумада кабыл алган кыргыз-казак чегарасы жана төрт пансионат тууралуу мыйзамдарды жокко чыгаруу максаты менен түзүлгөн “Ыйык жерди коргоо” комитети негизги талаптарынын бири парламентти таратуу экендигин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG