Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/0630C413-C827-4927-9E6B-A057C55786DF.asp Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Бул боюнча аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Динара айым, бүгүн Биринчи май райондук соту сиздердин арызды караган жатат. Сиз жетектеген коалиция Борбордук шайлоо комиссиясын эмне себептен сотко бердиңиздер?

-Биз БШКга январдын аягында кайрылганбыз. Ошол кайрылуудагы негизги талабыбыз – бизге расмий маалымат, ар бир район боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгын берсин деп. Бирок БШК бизге бул маалыматты биринчиден, туура эмес берди, экинчиден, созуп берди. Ошон үчүн биз мыйзамга кайрылып, ошол “доступ к информации” деген мыйзам боюнча сотко кайрылганбыз. Бирок сот бир айдан бери караштырбай келген. Себеби биз биринчи эле Бишкек райондор аралык сотко бергенбиз, алардын протокол боюнча аларга кирбейт экен. Ошон үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул сотто бүгүн саат 10до каралат.

- “Ар намыс” партиясынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу суроосуна дагы БШК расмий жооп берип, шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн, Шайлоо кодексине ылайык, “Эркин тоо” гезитине жыйынтыгы жарыяланганын билдирип, БШК мыйзам менен иштеп жатканын жарыялабадыбы. Коалициянын буга көз карашы кандай?

-Биз аны түшүнүп жатабыз, БШК ар кандай баа бере берет, бирок БШК шайлоону уюштурат, бааны биз беребиз, байкоочулар жана жарандар. Ал үчүн деген БШК бизге жыйынтыгын, маалыматты толугу менен берип, канча шайлоочу катышты, канча партия кандай добуш алганын бизге ачык жарыялап бериши керек. Ошондо адилеттүү өтүп, өтпөгөнү боюнча биз өзүбүз баа беребиз.

-БШКнын мүчөлөрү жаңыдан шайланбадыбы. Азыркы курамындагы шайлоо комиссиясы кандай иштеп жатат?

-Айтып кетиш керек, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү көз каранды адамдар болот. Анткени булар мамлекеттик бюджеттен акча алат. Ошон үчүн булардын бардыгы көз каранды. Ошол боюнча айтып кетсек, анда булардын бардыгы тең бийлик эмнени айтса, ошону аткарышат.

-Укук коргоочулар парламентти таратуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Ушул маселеге дагы азын-оолак токтоло кетсеңиз.

-Азыркы келген парламент элдин өкүлчүлүгү болбой калды. Бул жерде “Ак жол” фракциясынын өкүлчүлүгү болуп жатат. Биз анын бардыгын тең көрүп жатабыз. Азыр бардык чечимдерди “Ак жол” фракциясы кабыл алып жатат. Ошондон дагы ал кабыл алынып жаткан чечимдер жабык каралууда. Эл, шайлоочулар ага эч кандай кире албай жатабыз. Ошон үчүн биз айтып жатабыз, бул деген элдин өкүлчүлүгүбү, же бул бир фракциянын өкүлчүлүгүбү? Эгерде ошондой болсо, шайлоочулар буларга таасир этүүнүн кандай механизмин колдоно алат?

Мурда парламенттеги депутаттар эгерде өзүнүн округундагы шайлоочулардын талабын аткарбаса, шайлоочулар муну 30 миң кол топтоп, кайра чакырып алчу. Ал механизм азыр иштебей калды. Ошон үчүн биз ушул суроону көтөрүп жатабыз. Эми азыркы парламентке биз кандай механизмдерди колдоно алабыз? Эгерде ал депутаттар алардын талабын аткарбай жатса, биз ошолорду кантип чакыртып алабыз? Бул механизмдер барбы? Эгерде жок болсо, анда аларды иштеп чыгыш керек.

-Маегиңизе ырахмат.
XS
SM
MD
LG