Бүгүн, 22-апрелде Бишкектин “Манас” кинотеатрында “Жаңырык” жаштар кыймылы “Дүйнөлөшүү жана жаштар” аттуу семинар өткөрөт. Семинардын башталышы саат 15:00гө белгиленген. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын төрагасы Жылдызбек Музуратбеков билдирди. Семинарда дүйнөлөшүү доорундагы жаштардын маселелери, дүйнөлөшүү процессинин жаштарга тийгизген таасири сыяктуу темалардын үстүндө сөз болот. Мындай иш-чараларды “Жаңырык” жаштар кыймылы Кыргызстандын бардык аймактарында да өткөрүүнү пландап жатат. (ESu)