Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити “Каркыра үчүн жөө жүрүш: күңгөй-тескей эли Балыкчыдан биригет” жана “Ысыккөл жээгинен жер ээлеп алуу амалдары бир адамдын башын жутту же Кумбел айыл өкмөт башчысы асынып өлдү” деген, “Агым” гезити “Каркыра менен 4 пансионат кимдер колдуу болгон?” деген, “Аалам” гезити “Казактарга тартууга кеткен Каркыра менен пансионаттардын кунун президенттин Казакстанга болгон сапары актадыбы?” деген темаларды биринчи беттерине алып чыкса, кайрадан жарыкка чыга баштаган “Кыргыз руху” гезити жаңы санын ЖК спикери А.Мадумаровдун ишмердигине арналган “Себетчи” деген макала менен ачты.

“Аалам” гезити Каркыра боюнча суроо менен кайрылганда коомдук ишмер Мирослав Ниязов: “Үзөңгүкуушту А.Акаев Кытайга кармата берди эле, эми бу президент Каркыра менен 4 пансионатты казактарга кармата берди. Жер саткандар тарыхта жакшы саясатчы катары калбайт” деп, саясатчы Дүйшөн Чотонов: “Каркыра бир гана көлдүктөрдүн же Санташ элинин жери эмес, ал жер жалпы журттун, мамлекеттин, кыргыз элинин жери. Ушуну ар бир кыргыз баласы жүрөгү менен сезиши керек” деп жооп кайтарган.

Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров: “Бакиев Казакстанга болгон иш сапарында Назарбаевге: “Мына таксыр, айтканыңызды аткардык, 4 пансионат менен Каркыранын иши бүттү. Учурунда Акаев бүтүрүп бере албай койду эле, мына мен бүтүрүп келдим” деп жакшы көрүнүп алды” деп, саясатчы Жаркымбек Касымбеков: “Бүгүнкү шашылыш жасалган кадамдар чоң ызы-чуунун башаты болуп калышы толук мүмкүн” деп, коомдук ишмер Амангелди Муралиев: ”Миң жолу визит болсо да Каркыранын кунуна татыбайт” деп айткан.

Ушул эле суроого экс-депутат Тойгонбай Калматов: ”Айрым депутаттар айтып атышпайбы, пансионаттарды арендага бердик, ал жерде биздин жарандар иш менен камсыз болот деп, менин күйгөнүм арендага бергенден мурда ошол жерлерди мамлекеттин менчигине өткөрүп алып анан ошол сөздү айтышпайбы. Ысыккөл кыргыз элине Теңирден берилген белек, биз аны аздектеп урпактарыбызга мураска калтыра албай турган учурубуз” деп жооп берди.

“Аалам” мындан тышкары жакынкы арада бийлик бутактарында өзгөрүүлөр болорун, “кара тизмеде” М.Садыркулов, Т.Курманбеков, Ж.Нуржанов, И. Гаипкулов ж.б. “садыркуловчулар” барын, ошондой эле акыркы кездери көрүүчүлөрү арбый баштаган УТРКы жетекчилигинен М.Эшимканов кетип, ордуна президенттин басма сөз катчысы Н.Шакиев барат деген имиштер жүрүп атканын, ушул айдын 19унда өзбек күчтөрү Ошто жыйын куруп, анда өзбек тилин “ырасмий тилге”айлантуу далбасасын кайра баштаганын маалымдады.

Аталган гезитке каржы министри Т.Калимбетованын айрым суроолорго жообу да жарыяланды. Министр айым кезинде Украинадан алалбай келген карыз алынып, анын көп бөлүгү ГЭСтердин курулушуна жумшалганын, “Манас” абабазасы мамлекетке жыл сайын 17,5 миллион доллар төлөп келатканын, ошол эле убакта орусиянын өлкөдө жайгашкан аскер базасы эки өлкөнүнүн ортосундагы келишимге ылайык ижара акысынан бошотулганын, эч нерсе төлөбөстүгүн, ошол эле убакта Кыргызстан Орусияга болгон карызынан кутула электигин, орустарга карзыбыз 184 миллион сомду түзсө, Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 2 миллиард 200 миллион долларды түзөрүн кеп кылган.



“Де-факто” гезити “Канаты сынган Каркыра” деген ырды басты. Ал ырда:

“Сандалтып далай кыргызды,
Сатам деп сартың тырмышты.
Сакталып келген кайран жер
Самындай колдон жылмышты.
Алтымыш бешиң кылдыңар
Атууга кетчү кылмышты.

Жугунду күткөн алат күн,
Журтуңдун көөнүн канаттың.
Жергесин сүйгөн жаштарды
Жеткирбес жерге каматтың.
Жеримди коргойм дегенин
Жексурдан бетер сабаттың.

Кыргыздын жанын күйгүзүп,
Кыздарын кызыл кийгизип.
Кык менен жинин жээгине
Кырмандан бетер үйгүзүп.
Ичине түшөт чоочундар
Иттерин көлгө сийгизип.

Эртеси болот кыштын да,
Эриши болот муздун да.
Айтайын кайсы бирөөңдү
Ар болмок беле кузгунда.
Кыйналып турам, жашай тур,
Кыргыздын өчү кырк жылда”
- деп жазды белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов.

Ушул эле гезит аркылуу юрист Мукар Чолпонбаев, Каркырадан 620 гектардын кетиши менен Сарыжазга кеткен жалгыз жол да жабылганын, жергиликтүү эл эми өзүнүн Турук, Көкжар деген жайлоолоруна кире албай калганын, анысы аз келгенсип Хан Теңир тоосунун алдындагы кыргыз жеринин аймагына казактар алпинисттик лагерь куруп, казак президенти Н.Назарбаев Турук жайлоосуна өзүнө аң уулай турган үй салдырып алганын айтып чыкты.



“Кыларын кылып, кыл жип менен бууп” койгондордун айрымдары бүгүн патриот болуп кыйкырып жүрүшкөнүн белгилеп, ошол 2001-жылдагы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегара макулдашуусуна катышып, кол койгон өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесин “Агым” гезити окурмандарга шардана кылды.

Алар: К.Бакиев, Н.Танаев, А.Сулайманкулов, Т.Акматалиев, К.Жумалиев, Ө. Алмакүчүков, К.Шаршекеева, М.Иманалиев, Р.Жээнбеков, Р.Акназарова, А.Костюк, Э.Топоев, Т.Айтбаев, Э.Өмүралиев, Ж.Оторбаев, Б.Абилдаев, М.Мамытов, И.Болжурова, Ч.Айтматов, Б.Субанбеков, С.Жиенбеков, К.Осмонов, Ж. Абдырахманов,Т.Мейманалиев, Р.Ешмамбетов жана башкалар болушкан.

Эл бийликтин элге жана мамлекетке карата чыккынчылыгына жедеп көнүп бүтүп, алардан чыккынчылыктан башка эч нерсе үмүт этпей калса, эми кезек оппозицияга жеткенин, анткени былтыркы апрель митингинде оппозиция элди жана элдин үмүт тилегин “оптом” сатып жибергенин, ошондо он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, сары ооз балапан Адилет Айтикеевди кылмышкер катары соттогондон соттор уялбай, Акүйдүн бети кызарбай койгонун, көрсө ошондо кыргыздын ыйык бозүйүнүн түндүгү сынбай эле митингдин лидерлери болгон Ө.Субаналиев,М.Эшимканов, К.Карабековдор сынганын, абийир менен ар намыс сынганын кейип кеп кылган “Кыргыз руху” гезити белгилүү саясатчы Ө.Текебаевдин саясатчыларды тез бузулуп кетүүчү продуктыларга салыштырганын бекер жерден эместигин, кыргызга сырттан душман издеп да кереги жоктугун, анткени кыргыздын душманы кыргыз өзү болуп атканын, бүгүн бийликтин атын укканда калк кандай аллергия болсо, оппозициянын атын укканда деле ошондой аллергия болорун баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG