Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

12:50 Каракол-Бишкек жөө жүрүшүнүн максаты-өлкө бүтүндүгүн сактоо


“Ыйык жерди коргоо” комитетинин төрагасы Мукар Чолпонбаевдин билдирүүсү боюнча, 26-апрелде баштала турган Каракол-Бишкек жөө жүрүшүнүн негизги максаты Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо жана ага мамлекеттик бийликтин көңүлүн буруу. Бул максат менен Ысыккөлдүн эки жээгинен кеминде 500дөй адам Бишкекке келип, кыргыз-казак чегарасы жана төрт пансионат боюнча парламент кабыл алган чечимдер мындан ары кайталанбасын жалпы коомчулук менен бийликке эскертет. Мукар Чолпонбаевдин айтымында,жүрүштү болтурбоо үчүн ар кандай тоскоолдуктар менен кутумдар жасалышы толук мүмкүн. Бирок, комитет андай чагымдарга алдырбай максатына жетүү аракетинде бекем турат. Комитеттин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындай жүрүштүн саясий зарылдыгы күчтүү, анткени, Кыргызстан Казакстандан башка коңшулары менен да такташа турган жерлер арбын. (BD)

XS
SM
MD
LG