Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Муса Мураталиев, Москва Адам укугу боюнча Европа Кеңешинин жетекчиси Томас Хаммерберг дүйшөмбүдөн тартып үч күндүк иш сапары менен Түндүк Кавказ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/057C8BE7-A421-4EFE-A288-982A9A81AF4F.asp жумурияттарында болмокчу. Анын биринчи келип түшкөн жумурияты Чеченстан болду. Алдыңкы күнү Грозный шаарында журналисттерге айткан пикиринде Хаммерберг жумурияттагы жалпы маанайды жакшылап билүү үчүн ал жалгыз эле Чеченстандын жетекчилиги менен эмес карапайым кишилер менен да жолугушарын айтты. Чеченстандан кийин Еврокеңештин өкүлү Ингушетия менен Дагестанда да болмокчу.

Алдыңкы күнү Чеченстандын Веденский районунда кимдир бирөөлөр жол боюнан аңдып туруп аткан октон жумурият адилетчиси Хасамбек Зубайраевдин инисинин бир беш, бир жети жашар кыздары курман болушкан. Байкоочулардын баамында, машинеде келаткандарга ок аткандар «Восток» батальонун таштап кеткендер болушу ыктымал.

Агенттиктер жазышканга караганда мурунку дүйшөмбү күнү «Восток» батальонунун Гудермес калаада жайгашкан бөлүгү толугу менен аскерде кызмат өтөөдөн баш тартышкан.

ИНТЕРФАКС жазганга караганда 14-апрелде алардын Кадыровду кайтаруучулары менен кагылышы чыккан. Ал маалымат кеңири таркаса да ырасмий булактар Орусия федерациясынын коргоо министрине баш ийген «Восток» батальонунун аскерлери эч ким менен кагылышкан жок, деген.

Ошол эле күнү Рамзан Кадыров «Восток» батальонунун катарынан 200 аскер өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын берди деген. Ал эми ара жолдо чыккан кагылыш боюнча Кадыров ошол эле күнү чукул жыйын өткөрүп, ал кагылышка ага-ини Сулим жана Бадрудди Ямадаевдер айыптуу деген.

«Азаттыктын» ошол жумурияттагы кабарчысы Ахмед Султанов кечээ, 21-апрелде билдиргенге караганда Веденский районуна караштуу Эсилхатой кыштагынын жанынан колунда куралы бар он чакты киши федералдык аскерлерге от атышкан:

-Кармаштын жүрүшүндө Орусиянын ички иштер аскерлеринин рота командиринин орун басары окко учуп бир аскер оор жарадар болгон.

Түндүк Кавказдын башка жерлеринде да кырдаал кыйла кооптуу. Абхазия менен Түштүк Осетия элинин көпчүлүгү орусиялык атуулга алынгандыктан аларды коргойбуз шылтоосу менен Москва таанылбаган жумурияттарга жардам бергенге өттү. Тиблиси болсо Москванын мындай кадамын ал жерлерди «тартып алуу саясатын ачык жүргүзүү» - деп баалады.

Москванын андай аракетине НАТО менен Европа биримдиги кабатыр экенин билдиришти. НАТОнун башкы катчысы Яап де Хоп Схеффер атайын жасаган билдирүүсүндө Орусияны жасап жаткан аракеттеринен баш тартууга жана Грузияны сабырдуулукка чакырды. Ошол эле 21-апрелде таанылбаган жумурият президенти Сергей Багапш күнөөнү Тбилисиге коюп, катуу талап менен кайрылды:

-Эгерде Грузиядан жооп ала албасак, анда биз аскерлерибизди Галский районду карай бет алдырабыз.

Ошол эле 21-апрель күнү ИНТЕРФАКС агенттигинин кабарында Түндүк Кавказдын дагы бир жумурияты Дагестандын Хасавюрт районунда кимдир бирөөлөр ИИМ кызматкерлери келе жаткан унааны аткылашкан. Машиненин тамтыгы чыгып, ошол жерде калган, бирок жабыркагандар жок деп айтылат.
XS
SM
MD
LG