Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

14:43 Аламүдүн районунда кайрадан жер басуу аракети болду


Бүгүн эртең менен элүү чакты адам Маявка айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылына тиешелүү төрт гектар жерди басып киришип, өз алдынча бөлүштүрө башташкан. Жергиликтүү тургундар мыйзамсыз аракеттерге каршы чыгып тиешелүү документтерди сурашканда, алар эч нерсе деп айта алышкан эмес жана бир сааттан кийин шаар тарапка кетип калышкан. Эки жылдан бери аталган жер участкасы талашка түшүп, айылдыктар бир нече ирээт нааразылык акцияларын уюштурушкан. «Бул жер Аламүдүн районуна тиешелүү болгон менен Бишкек шаарынын башкы планына кирип калган экен, азырынча эч нерсе деп айта албайбыз», - деп билдирди аким Саматбек Керимкулов. Ал эми Лесхоз айылынын тургундары шаарлыктар төртүнчү ирээт басууга аракет кылды, эртеңден баштап таш түшүрүп, үй кура беребиз дешүүдө. Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин эскертүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG