Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:29

14:50 Иса Өмүркулов: Улам кийин келген Билим берүү министри мурдагысынын баштаган ишин талкалай берген


Бүгүн Жогорку Кеңештеги Билим берүү тармагынын күңгөй-тескейин талкуулаган парламенттик угууда, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов, билим берүү тармагын тизгиндеген негизги фактор катары улам алмашкан министрлердин мурдагылардын баштаган иштерин талкалап, кайрадан баш-аягы жок жаңы иштерди баштай бергендиги экендигин баса белгиледи. Анын айтымында Билим берүү министрлиги саясатташып, шайлоолордо мугалимдерди катуу пайдаланып, өзүнүн негизги функциясынан алыстап кеткен. “Мурда бардык мугалимдерди “Алга Кыргызстанга” айдап киришкен, эми мына бул бийлик тушунда деле көбүңөр ошондой эле партияга киргизилдиңер. Мугалимдерди мындан алыс кылышыбыз керек”,- дейт Иса Өмүркулов. Ал эми вице-премьер-министр Досбол Нур уулу бул тармактагы көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө чечүү керектигин, Билим берүү министрлигине кеңирирээк мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгын билдирди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG